Сирия менен Иракта ДЕАШ операциясы

ДЕАШ менен күрөшүү коалициясы  Сирияда жүргүзгөн операцияда террордук уюм ДЕАШтын негизги башчыларынын бирөөсүн колго түшүргөндүгүн билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилигинде ДЕАШ менен күрөшүү коалициясы  Сирияда жүргүзгөн операцияда террордук уюм ДЕАШтын негизги башчыларынын бирөөсүн колго түшүргөндүгүн билдирди.

Биргелешкен ыкчам топтун «Табигый чечкиндүүлүк» операциясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Коалиция күчтөрү 16 –  июнда Сириядагы бир операцияда ДЕАШтын жогорку мартабалуу  лидерин камакка алды. Камакка алынган кишинин уюмдун тажрыйбалуу бомба жасоочусу, топтун Сириядагы жогорку мартабалуу  башкаруучуларынын бири»,- деп билдирилди.

Операциянын  Сириянын кайсы жеринде жүргүзүлгөнү, кандай жүргүзүлгөнү жана колго түшүрүлгөн ДЕАШ лидеринин ким экендиги тууралуу кенен маалымат берилген  жок.

Жергиликтүү маалымат булактарына таянган кабарда операциянын Сириянын түндүгүндө тик учактар ​​менен жүргүзүлгөнү белгиленди. Бир тараптан Ирак коопсуздук күчтөрүнүн Керкүк, Мусул жана Дияла шаарларында ДЕАШка каршы кенен масштабдуу операция баштагандыгы маалымдалды.

Ирак өкмөтүнө караштуу Коорсуздук медиа желесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы күндөрдө кол салууларын күчөткөн ДЕАШка карата Керкүк, Мусул жана Дияла шаарларынын элеттеринде баштатылган операцияларда 4 кишинин өлтүрүлгөндүгү маалымдалды.

Комментарий жиберүү