Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулга калың кар жаап, Түрк аба жолдору Стамбул аэропортунан каттамдарды убактылуу токтотту.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Синоптиктер Стамбулдун жашоочулары үчүн аба ырайынын начар болорун бир күн мурун эскерткен. Айрыкча шаардын батыш жана түндүк аймактарында кар калың жааган.

Маалыматка караганда, жолдордо эбегейсиз тыгындар пайда болуп, адамдар унааларын жол жээгине таштап, жөө басууга аргасыз болушкан. Метродо жөө адамдардын агымынан улам тыгын пайда болгон жана кээ бир автобус каттамдары эртең таңга чейин токтотулган.

Комментарий жиберүү