Суу ташкындан катуу жабыркаган Пакистанга жардам көрсөтүү уланууда

11-сентябрда Пакистандын суу ташкындан катуу жабыркаган Синд провинциясына эки америкалык учак 35 тоннадан жүк жеткирди.

Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 10-сентябрда өлкөнүн бир нече аймагын кыдырып, табият кырсыгынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды.

«Бүгүн бул Пакистан, эртең сиз жашаган өлкө болуп калышы мүмкүн. Бул глобалдык кризис, ага глобалдык жооп керек»,-деди Гуттериш.

Пакистан жалпы чыгымды 30 миллиард доллар деп эсептеп жатат. Өкмөт жана Гуттериш суу ташкындын себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрдү.

Буга чейин гуманитардык жардамды бир катар мамлекеттер көрсөтүштү. Бирок баарынан көп жардамды Бириккен Араб Эмираттары жеткиргени кабарланды.

Июнь айынан бери тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 1400дөй адамдын өмүрүн алды. 13 миң киши жаракат алып, миллиондогон адам үй-жайсыз калды.

Комментарий жиберүү