С. Жапаров Ирандын Президенти Э. Раисини Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

Кыргызстандын мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Иран элин жана Сизди Ислам революциясынын жеңишинин 43-жылдыгы менен куттуктайм!

Кыргыз Республикасы  Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деп терең ишенем.

Кыргызстан Иран менен мамилелерди өркүндөтүү максатында эки жана көп тараптуу деңгээлдерде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун, Экономикалык Кызматташтык уюмунун жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташуунун алкагында бардык механизмдерди натыйжалуу пайдаланууга даяр.

Иран элине бейпилдик, бакубаттык жана өнүгүү, ал эми Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайм”.

Ошондой эле Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев  ирандык кесиптештерин куттукташты.

Комментарий жиберүү