Тайвандык министр: «Кытай басып алууга даярданып жатат»

Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву маалымат жыйын өткөрдү.

Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарынын артынан Кытайдын аралдын айланасында өткөргөн аскердик машыгууларын «баскынчылык планына даярдануу» деп ырастады.

Министр Ву маалымат жыйынында, мурда жарыяланган 4 күндүк мөөнөткө карабастан уланып жаткан кеңири масштабдуу машыгуулар Индо-Тынч океан аймагындагы эң кыймылдуу аба жана кеме каттамдарынын бириндеги иш-аракеттерди үзгүлтүккө учуратканын, аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка зыян келтиргенин белгилеп, Кытайды «жоопкерчиликсиздик» менен айыптады.

 Пекин Пелосинин визитин шылтоо кылып, «Тайван кысыгында жана анын айланасында үстөмдүк орнотуу ниетин» ачыкка чыгарганын айткан Ву: «Кытай бул машыгууларды Тайванды басып алуу планына даярдануу үчүн колдонуп жатат»,-деди.

Ву машыгуу учурунда аралдын тегерегине башкарылуучу ракеталар учурулганын, Кытайдын башка өлкөлөрдүн Тайванга кол салуу аракетине кийлигишүүсүн ачык эле токтотууга аракет кылганын билдирди.

Ву: «Кирүүлөрдү бөгөттөө тактикасынын репетициясы Кытайдын Тайвандан тышкаркы геостратегиялык амбицияларын көрсөтөт. Аскердик машыгуулардын артында Кытайдын чыныгы ниети Тайван кысыгындагы жана бүткүл аймактагы статус-квону өзгөртүү жатат»,-деп айтты.

Министр Ву эркиндикти коргогон бардык өлкөлөрдү авторитаризмдин жайылышына жооп берүү үчүн биригүүгө үндөдү.

Пекин масштабдуу машыгуулар, ракета сыноолору, кибер чабуулдар, жалган маалымат кампаниялары, экономикалык санкциялар жана мажбурлоо аркылуу Тайвандын коомчулугунун маанайын бузууну көздөп жатканын белгилеген Ву: «Кытайдын Тайванды коркутуу аракети бизди дүрбөлөңгө сала албайт жана бизди жеңе да албайт. Тайвандан эркиндикти жана демократияны эч ким тартып ала албайт. Булар биздин ДНКга сиңип калган баалуулуктар. Тайвань өзүнүн эркин жана демократиялык жашоо образын акырына чейин коргойт»,-деди

Нэнси Пелоси жана аны менен бирге өткөн жумада 5 кишилик конгресс делегациясынын сапары аралды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Бээжиндин реакциясын жаратты. 2-3-августтагы сапардан кийин Кытай аралдын айланасында аскердик машыгууларды баштады. Алгач 4-7-август күндөрү өткөрүлөөрү жарыяланган машыгуулар күтүлгөн графиктен тышкары уланууда.

Комментарий жиберүү