«Талибан» жаңы өкмөттө аялдар үчүн кызмат орундары болорун убадалады

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Ооганстандын жаңы өкмөтүндө аялдардын кызмат орундары болорун убада кылды.

Бул тууралуу BFMTV агенттиги билдирди.
Мужахид  француз телеканалына берген маегинде ооган өкмөтүнүн жаны жарыяланган курамы убактылуу экенин айтты.
“Бул өкмөт убактылуу. Бизде аялдар үчүн шарият мыйзамдарына ылайык кызмат орундары болот. Бул башталышы гана, бирок аялдар үчүн дагы орундар болот. Алар өкмөттүн мүчөсү боло алышат. Бул биздин экинчи этап болот”, – деп ишендирди Мужахид.
Ошол эле учурда кыймылдын өкүлү АКШ менен кызматташкан аялдар өкмөттө мамлекеттик кызматтарды ээлей албасын тактады.
Бир күн мурун ооган аялдары өлкөнү башкарууга аялдардын катышуусун камсыз кылуу талабы менен митингге чыгышкан.
Бул оогандыктардын жаңы бийликтин саясатына нааразычылык билдирген биринчи акция эмес.
7-сентябрда баш калаанын тургундары Пакистандын мекемелер аралык чалгын кызматынын башчысы Фаиз Хамид өлкөгө келгенден кийин көчөгө чыгышкан. Анда дагы митингчилердин көбү аялдар болгон.
Пакистанга каршы ачык мүнөздөгү демонстрацияны таркатуу үчүн талибтер ок чыгарып, катышуучуларды таяк менен ур-токмокко алганы кабарланган.

Комментарий жиберүү