«Талибан» Тажикстан менен чек арага миңдеген атайын күчтөрүн жайгаштырды

“Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид талиптер “миңдеген” аскерлерин Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясына жөнөткөнүн билдирди.

Забихулла Мужахид 25-сентябрда өзүнүн Твиттердеги баракчасына аскердик унаалардын жана аскердик формачан адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, Мансури  армиясынын миндеген атайын күчтөрү Тахарга жайгаштырылганын  жазган.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы 1400 чакырымдан ашат, акыркы убакта Тажикстан Орусия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башка мүчөлөрү менен тажик-ооган чек арасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, аларды чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн колдонууда.

Комментарий жиберүү