«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар Ташкентти ооган учкучтары айдап барып таштаган Өзбекстандагы учактары менен тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды.

Бул тууралуу “Афганистан.ру” басылмасы жазды.

Буга чейин Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган өзбек делегациясы 30-ноябрда Кабулда Талибан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукканы кабарланган.

Быйыл август айында ооган учкучтары өлкөдөгү жалпы учактардын жана тик учактардын 25% айдап, Өзбекстан менен Тажикстанга учуп барышкан.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Термез шаарындагы ооган учкучтарынын 15и A-29 Super Tucano учагы, 11и Sikorsky UH-60 Black Hawk, 12си MD-530 жана дагы бир нечеси Ми-17 тик учактары менен учуп келишкен.

Маалыматка караганда, алар Ооганстандан талибдер Кабулду басып алганга бир нече саат калганда чыгып кетишкен. Ал күнү Мазари-Шариф жана Кабул шаарларындагы аэропорттордон жалпысынан 46 учак асманга көтөрүлгөн. Анда ооган учактарынын бирөө Өзбекстандын Аскердик-аба күчтөрүнө таандык учак менен кагылышканы кабарланган.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанга келген оогандыктардын баары 12-13-сентябрь күндөрү үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетишкен.

Комментарий жиберүү