Талибдер тургундарга кандай жаңы тартиптерди киргизишти?

Ооганстандын радикалдуу Талибан кыймылынын согушкерлери басып алган провинцияларында жаңы салыктарды киргизип, өз эрежелерин орното башташты.

Бул тууралуу РИА Новостиге Тажикстандын чек арасында жайгашкан түндүк-чыгыштагы Тахар провинциясынын тургуну Абдулхалек Тахари билдирди.

 «Талибандын жаңы мыйзамдары бардык адамдарга чектөө киргизди. Өзгөчө жеке иштерге, кийим кийгенге, аялдардын көчөгө чыгуулары боюнча, ж.б…Ошондой эле жаштар кийимдердин айрым түрлөрүн гана кийүүгө мажбур болушууда жана чачтарын кыркууга болбойт. Телефондор дагы текшерилет, эгерде аларда талибдердин көз карашы боюнча тыюу салынган жана ылайыксыз нерселер табылса, ал адамдар жазаланат », – деп билдирди Абдулхалек Тахари.

Анын айтымында, мындан тышкары басып алынган аймактардын тургундарына бир катар милдеттенмелер жүктөлгөн. Жеке адамдар жана топтор талибдердин аскерлери үчүн кезектешип тамак даярдоого аргасыз. Үшүр (ондук) жана зекет (мусулман укугунда милдеттүү түрдө жылдык салык) дыйкандардан мажбурлап алынат. Экиден ашык адамдан турган топтор менен көчүүгө тыюу салынат, аялдарга күйөөсү жана жакын туугандары коштоосуз көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Сөзүнүн аягында Тахари өз аймагынан кетүү ниети бар экенин белгилеп мындай деди: “талибдер адамдарга кастык менен мамиле кылышат жана алардын келбети да коркунучтуу”.

Белгилей кетсек, акыркы бир нече жумада, өлкөдө америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин талибдер Ооганстандагы чабуулдарын кыйла күчөттү.

Августтун башында талибдер 2016 -жылдан бери биринчи жолу Ооганстандын 34 провинциясынын биринин административдик борборун басып алышкан. Мындан тышкары, согушкерлер чек ара аймактарындагы эбегейсиз аймактарды ээлеп алууга жетишкен.

Комментарий жиберүү