Техаста фурадан 46 мигранттын сөөгү табылды. Ага Жо Байден күнөөлүбү?

АКШнын Техас штатында жүк ташуучу унаадан 46 мигранттын сөөгү табылды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жергиликтүү бийлик биринчи шектүүлөр кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, жабыркаган 16 киши, анын ичинде 12 чоң киши жана төрт бала жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген.

Аларда ысык өтүп кеткендин белгилери байкалган.

Сан-Антониодо жай айларында күн ысык болот, 27-июнь күнү температура 39,4°Cге жеткен.

Сан-Антонио шаарынын өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, мигранттар табылган жүк ташуучу унаада суу жана кондиционер болгон эмес.

Бийлик бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

Жүк ташуучу унаа Техас штатындагы чоң жолго алып баруучу кичинекей жолдо табылган.

Алгач жергиликтүү маалымат каражаттары 40 адам өлүп, 15 киши жабыркаганын кабарлашкан.

Буга чейин аймактын жакыр өлкөлөрүндө пандемиядан улам күчөгөн экономикалык кыйынчылыктардан улам АКШга карай миграция агымы кайрадан максималдуу көрсөткүчкө жеткени айтылган.

Техас штатынын губернатору Грегг Эбботт Сан-Антониодо жүк ташуучу унаанын артында табылган ондогон мигранттардын өлүмү үчүн АКШнын президенти Жо Байденди жана анын администрациясынын иммиграция саясатын айыптады.

Ал мигранттардын өлүмү АКШ президентинин чек араларды ачуу саясатынын натыйжасы деп эсептейт.

Белгилей кетсек, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп иммиграция саясатын жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар чараларды көргөн. Анын ичинде Мексика менен чек арага дубал куруу демилгесин көтөргөн.

Ал эми АКШнын азыркы президенти Жо Байден 2021-жылы январда инаугурациясынан көп өтпөй эле өлкөнүн иммиграция мыйзамдарын жумшартуучу бир катар жарлыктарга кол койгон.

Анын мамлекет башчысы катары алгачкы кадамдарынын бири Мексика менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу Трамп киргизген өзгөчө кырдаал режимин алып салуу болгон.

Комментарий жиберүү