Тоолуу Бадахшанда оппозицияга кимдер курал берген?

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы “контртеррористтик операциянын” жүрүшүндө 114 киши кармалды.

Бул тууралуу 19-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Тоолуу Бадахшандын тургундары Рушан районундагы операциянын максаты – андагы нааразылык акциясын токтотуу болгонун билдирүүдө. Ал акциянын катышуучулары Тажикстанды Кытай менен бириктирген Душанбе-Кульма автоунаа жолун бөгөп турушкан.

19-майда улуттук “Ховар” агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме кылып, операциянын жүрүшүндө “террордук топтордон” Калашников үлгүсүндөгү 24 автомат, 5 пулемет, түрдүү маркадагы 18 тапанча, ТОЗ-18 үлгүсүндөгү 4 винтовка, 11 Ф-1 гранатасы, 86 даана “Молотов коктейли”, 3 килограмм тротила, 15 рация жана 53 телефон алынганын кабарлады.

“Аларды курал-жарак жана ок-дары менен экстремисттик-террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү Алим Шерзамонов жана анын шериктери Холбаш Холбашев менен Ульфатхоним Мамадшоева камсыз кылган. Булардын максаты мамлекеттин коопсуздугун, конституциялык түзүлүштү бузуу жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратуу болгон”, – деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Ульфатхоним Мамадшоева – Тажикстандын Чек ара кызматынын экс-офицери Холбаш Холбашевдин мурдагы жубайы.

Буга чейин Алим Шерзамонов менен Ульфатхоним Мамадшоева Тоолуу Бадахшандагы нааразылык акцияларга тиешелери жок экенин билдиришкен.

Күн мурун Тажикстан ИИМи Рушан районунда 18-майдагы “контртеррористтик операциянын” жүрүшүндө сегиз киши өлүп, 11и жараат алганын кабарлаган. Жергиликтүү тургундар 21 киши каза болгонун билдирүүдө.

Комментарий жиберүү