Түркияда селден каза болгондордун саны 27ге жетти

Түркиянын Кара деңиз жээгинде селдин кесепетинен улам жүздөгөн калктуу конуштар электр жарыгысыз жарыксыз калып, бир катар негизги магистралдарда транспорт кыймылы жабылды.

Түркияда суу ташкынынан жана селден жабыркагандардын саны 27ге жеткенин РИА Новости билдирди.

Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Кара деңиздин жээгиндеги Кастамону жана Синоп провинцияларында суу ташкындады.

Бир күн мурун өлкө президенти Режеп Эрдоган 17 адам каза болгонун билдирген.

“Кастамонудагы сел жана суу ташкындары 25 кишинин өмүрүн алды, дагы экөө Синопто, бирөө Бартында дайынсыз жоголду”, – деп айтылат өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар менен күрөшүү башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Буга чейин табигый кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатканы, 600дөн ашык адам эвакуациялангандыгы маалымдалган.

Болжол менен 300гө жакын калктуу конуш электр жарыгысыз калды.

Көпүрөлөрдүн талкаланышы жана жолдун бузулушуна байланыштуу табигый кырсык болгон райондун бир катар магистралдарында, анын ичинде Бартын-Карабюк унаа жолунда кыймыл токтотулган.

Кастамону провинциясынын Бозкурт шаарында селден улам бир нече көп кабаттуу үйлөр урап, куткаруучулар урандылардын үстүндө иштеп жатышат.

Комментарий жиберүү