Түркия Россияга каршы санкцияга кошулбайт

Түркия энерго көз карандуулугуна байланыштуу Россияга санкция салбайт.

Россияга киргизилген санкциялар орус экономикасына караганда Түркияныкына көбүрөөк зыян тийгизет.

Бул тууралуу түрк президентинин өкүлү Ибрахим Калын билдирди.

Анкара өз кызыкчылыктарын коргоодо, ошондуктан көптөгөн Батыш өлкөлөрү киргизген чектөөлөргө кошулган жок. Калындын айтымында, Батыш бул позицияны түшүндү.

Анкаранын расмий өкүлү Түркия чет өлкөлүк энергия булактарына көз каранды экенин, ошондуктан “Иран сыяктуу эле Россия менен да мамилени өнүктүрүп жатканын” баса белгиледи.

Украинада аскердик операция башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Россияга карата алты санкциялар топтомун киргизди. Алардын арасында орус энергоресурстары да бар.

Жакын арада Россиядан алтын импорттоого да тыюу салынары күтүлүп жатат. Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтымында, бул акыркы жылдары активдерин алтынга алмаштырган орус олигархтарына жана “путиндик аскердик машинеге” да сокку болот.

Комментарий жиберүү