Түштүк Кореяда көп кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз болууда

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттын бир тарабы урап түштү.

Кырсыктан 3 адам жаракат алып, 6 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 39 кабаттуу турак жай комплексинин фасадынын бир бөлүгү урап түшкөн.

Кырсык болгон учурда курулушта 400дөй адам болгон, жумушчулардын дээрлик бардыгы эвакуацияланган.

Маалыматта 24 жана 31-кабаттарда иштеген алты адам дайынсыз болуп жатканы айтылат. Имарат дагы көчүп түшүшү мүмкүн деген кооптонуулардан улам аларды издөө иштери убактылуу токтотулган.

Кырсыктын кесепетинен 10 унаа талкаланган. Курулушта иштеп жаткан жумушчулардан тышкары бүткөн батирлерде жашап жаткан 109 үй-бүлө аймактан чыгарылып, имараттагы 90 дүкөндүн товары башка жакка көчүрүлгөн.

Комментарий жиберүү