Филиппиндин жээктеринде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бул тууралуу АКШнын геологиялык кызматы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттар жазышты.

Жер титирөө координацияланган универсалдуу убакыт боюнча саат 02.26да катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Сарангаи муниципалитетинен 231 чакырым түштүк-чыгышта, очогу 24 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Азырынча мүмкүн болгон курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилле элек.

Комментарий жиберүү