Финляндияда көчө тазалоочу робот-чаң соргуч пайда болду (видео)

Эгер мурун биз робот-чаң соргучтарды үйдөн гана көргөн болсок, эми ал Финляндиянын ири шаарынын көчөлөрүндө пайда болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Автоматташтырылган машина жолдорду бир нече саат катары менен тазалай алат. Ал жолдогу таштандыларды тазалоо үчүн айланып турган щеткаларды колдонот.

Робот-чаң соргучту финляндиялык “Trombia Technologies” компаниясы жасап чыгарган.

Учурда толук автоматташтырылган “Trombia Free” робот чаң-соргучу Хельсинкинин  көчөлөрүн тазалап жатат. Машинанын узундугу 3,52 метр жана туурасы 2,3 метр. Кошумча тазалоочу щеткалар орнотулса, анын туурасы 3 метрге чейин жетет.

Робот камера жана лидарлар менен жабдылган, бул анын толугу менен автономдуу түрдө ийгиликтүү иштөөсүнө жана айланадагы объектилер менен кагылышуудан алыс болуусуна мүмкүндүк берет. Анын максималдуу ылдамдыгы саатына он чакырымды түзөт, бирок тазалоо учурунда ал саатына эки-алты чакырым ылдамдыкта жылат.

Роботтун иштөө убактысы батарейканын кубаттуулугуна жараша болуп, 8 жарым саат же жай тазалоо режиминде 17 саатка чейин иштей алат. Ал эми жогорку кубаттуулук режиминде 4-8 саат иштей алат.

Учурда робот тест режиминде иштеп жатат, бирок компания жылдын аягына чейин дагы онго жакын робот-чаң соргуч чыгарууну пландаштырууда.

Роботтун баасы белгисиз. Бирок компания аны сатууну 2021-жылдын жайында баштоону пландап жатат. Биринчиден, алар Норвегияда жана Германияда, бир жылдан кийин – дүйнөнүн калган бөлүгүндө пайда болот.

Комментарий жиберүү