Финляндия менен Швеция НАТО боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга чабарман жөнөттү

Финляндия менен Швеция өздөрүнүн НАТОго киришине каршылык билдирип жаткан Анкара менен сүйлөшүү үчүн Түркияга атайын чабармандарын жөнөттү. Бул тууралуу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто журналисттерге кабарлады.

Эки өлкөнүн аталган уюмга кошулушуна ачык каршы пикирин айткан түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 21-майда эки өлкөнүн лидерлери менен телефондон баарлашканы маалымдалды.

Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, аларды “террордук уюмдарды көбөйтүүдө” деп айыптаган. Аталган өлкөлөр бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара аларды терроризмге айыпталган “Күрддөрдүн жумушчу партиясы” менен байланышы бар деп эсептейт. Түрк президенти пикирин 22-майда да кайталаган. Натыйжада, Анкарага эки өлкөнүн уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгон.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөрүнөн үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

Комментарий жиберүү