Эксперттер: Казакстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн киргизилиши өлкөдөгү кырдаалды турукташтырды

Бир учурда бир нече аскердик эксперттер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечими республикадагы курчуп кеткен кырдаалды турукташтырууда чечүүчү роль ойноду деген ойду айтышты.

  “Национальная оборона” журналынын башкы редактору Игорь Коротченко белгилегендей, ЖККУнун бейпилдик контингенти киргизилгенден кийин Казакстандын күч түзүмдөрү жана аскер кызматкерлери өлкөдө укук тартибин орнотуп, өлкө боюнча чыңалууну басаңдатууну камсыз кылды.

“Бул бейпилдик күчтөрүн киргизүү кырдаалды турукташтырууда маанилүү аскердик-саясий фактор болгонунан кабар берет”, – деди Коротченко.

Операциянын кыска мөөнөттө жүргүзүлүшү уюмдун күчтөрүнүн эң жогорку деңгээлде даярдалганынан кабар берет. Мындай пикирин саясий серепчи Дмитрий Куликов ТАСС агенттигине билдирди.

“Өзгөчө кырдаалдагы бул иш-аракетти жогору баалоого болот, анткени биз миңдеген аскер кызматкерлерин миңдеген километрге бир нече сааттын ичинде жеткире аларыбызга көнүп калганбыз жана алар дароо эле көйгөйлөрдү чече башташат жана аларды натыйжалуу чечишет”, – деп түшүндүрдү орусиялык эксперт.

Аскердик баяндамачы Виктор Литовкин ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн бөлүктөрү коңшу мамлекетке бир нече сааттын ичинде күч гана эмес, материалдык-техникалык жактан да колдоо көрсөтүп, өздөрүн эң жогорку деңгээлде ишенимдүү жана натыйжалуу көрсөтүштү деген пикирин билдирди.

“Биздин аскер кызматкерлер жана Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын бейпилдик күчтөрү эң маанилүү мамлекеттик объектилерди кайтарууга алышты. Ошентип, алар казак аскерлерин жана укук коргоо органдарын дагы деле бир жерлерде ок атууну улантып жаткан террорчуларга, бандиттерге каршы күрөшүү үчүн бошотушту” , – деди Литовкин.

Казакстандагы нааразылык акциялары

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын январь айынын башында башталган. Митингдерге суюлтулган газдын эки эсе кымбатташы себеп болгон. Түзүлгөн өкмөттүк комиссия газдын баасын түшүрүүгө даяр экенин билдиргени менен нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган.

Көп өтпөй алар талап-тоноо жана мамлекеттик мекемелерге кол салуулар менен баш аламандыктарга айланган.

Кырдаалдын курчушунан улам Казакстанда өзгөчө кырдаал режими жана коменданттык саат киргизилип, массалык иш-чараларга жана курал сатууга тыюу салынды.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеген. Мындан тышкары, Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУнун жамааттык контингенти мамлекеттин аймагына киргизилди.

Кагылышуулардын натыйжасында курман болгондор бар, республиканын күч органдары террорчуларды кармоону улантууда. БУУнун маалыматы боюнча, нааразылык акциялары учурунда 1000дей киши жаракат алган. Келтирилген зыян 200 миллион доллардан ашты.

Башаламандыктар учурунда канча адам каза болгону азырынча так белгисиз. Бүгүн, 10-январь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Комментарий жиберүү