Эксперт: «Иран мунайы Кыргызстандагы бензинге болгон бааны арзандатмак»

Ирандын чийки мунайын ташып келүү Кыргызстандагы күйүүчү май кризисин азайтууга жардам бермек.

Муну кандайча жүзөгө ашыруу керек экендиги жөнүндө Кыргызстандагы белгилүү эксперт, саясат таануучу Марс Сариев өзүнүн пикирин  “Eurasia Today” агенттигине бөлүштү. Жакында эле Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти.

Тактап айтканда, ал кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууларды өткөрдү. Эксперттин айтымында, акыркы жылдары Иран менен Кыргызстандын мамилеси жакшырып келе жатат, бирок тилекке каршы пандемия өз алдынча түзөтүүлөрдү киргизди. 2020-жылы Иран менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамы 10 жылдык тыныгуудан кийин калыбына келтирилип, Бишкек-Тегеран түз аба каттамы ачылды.

Бирок, ал бир нече гана каттам жасап, пандемиядан улам баары кайрадан токтоп калды. “Менин оюмча, келечекте Иран менен Кыргызстандын мамилелери динамикалуу түрдө өнүгөт, анткени бизде өз ара кызыкчылык бар”, – деп кошумчалады Сариев. Анын пикиринде, “Иран Кыргызстандагы күйүүчү май кризисин азайтууга жардам бере алат”.

Мисалы, Иран Каспий деңизи аркылуу Казакстанга чийки мунай жеткире баштамак. Өз кезегинде, Нур-Султан өз ара эсептешүү менен өзүнүн мунайын Кыргызстанга ошол эле Шымкенттен, Кыргыз Республикасынын Жунда мунай заводуна жана өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан башка мунай базаларына жөнөтмөк. Ошентип, биз көрүп жаткан күйүүчү майга болгон баалар төмөндөп, мындан аркы  социалдык-экономикалык чыңалуунун төмөндөшүнө өбөлгө түзүлмөк.

Эске салсак, Иран менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода жүргүзүү боюнча  толук форматтагы келишим бар. Иран Ислам Республикасы жакынкы аралыкта Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу мүчөсү болууну көздөп жатат. Эксперт белгилегендей, учурда Кыргызстанда өтө курч экономикалык кырдаал түзүлүп турат, ошондуктан ушул жазда социалдык жарылуу болушу мүмкүн.

“11-апрелде өтө турган Кыргызстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдан кийин өлкөдө туруксуздук болуп кетиши да күтүлүүдө. Бейөкмөт сектор митингдерге чыгат, бул акциялар пландалганы жана  алардын артында глобалдык оюнчулар тургандыгы айдан ачык”, – деп жыйынтыктады Марс Сариев.

Комментарий жиберүү