Эрдоган кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

Түркиянын бийликтеги  “Адилет жана өнүгүү партиясы” учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоганды кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Бул тууралуу партиянын маалымат катчысы Өмер Челик партиянын курултайынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

“Президентибиз Режеп Тайип Эрдоган 2023-жылы боло турган шайлоодо Элдик альянстын талапкери”, – деп билдирди Өмер Челик.

Эске салсак, өткөн жылы бийликтеги “Адилет жана өнүгүү партиясы” менен “Улуттук кыймыл партиясы” “Элдик альянс” коалициясы деп бириккен.

Түрк оппозициясы азырынча өз талапкерин көрсөтө элек.

Буга чейин, Түркиянын мурдагы премьер-министри Ахмет Давутоглу алты оппозициялык партиянын блогу аны бирдиктүү талапкер катары көрсөтө турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Түркияда 2023-жылдын июнь айында кезектеги президенттик жана парламенттик жалпы шайлоо өтөт.

Эрдоган биринчи жолу 2014-жылы Түркиянын президенти болуп шайланган. Ал 2018-жылы да шайлоодо утуп чыгып, экинчи мөөнөткө президент болгон.

Комментарий жиберүү