Эрдоган: Түркия Швеция жана Финляндия боюнча позициясын өзгөртпөйт

Швеция менен Финляндия тараптан кадам жасалмайынча Түркия аларга карата НАТОдогу позициясын өзгөртпөйт.

Мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган The Economist журналына жазганын чет элдик басылмалар кабарлашты.

“Түркия Швеция менен Финляндиядан Түндүк Атлантика альянсына кошулуу үчүн “зарыл кадамдарды” күтөт”,-  деп билдирди Эрдоган.

Макалада Анкара бул өлкөлөрдүн “ушуга чейин терроризмдин объектиси болгон бардык мүчөлөрдүн атынан” НАТОго кошулуусуна каршы экенин баса белгиленген.

“Түркия бул өлкөлөрдүн НАТО мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлө турган антитеррордук операцияларга колдоо көрсөтүүсүн каалайт. Терроризм альянска мүчө бардык мамлекеттер үчүн коркунуч болуп саналат жана талапкер өлкөлөр уюмга кирүүнүн алдында бул чындыкты моюнга алышы керек. Эгер керектүү кадамдарды жасабаса, Түркия бул маселе боюнча позициясын өзгөртпөйт”, – деди түрк президенти.

Эске салсак, 18-майда Украинадагы окуялардын фонунда Финляндия менен Швеция НАТОнун баш катчысына альянска кирүү боюнча арызын тапшырган. Бирок Түркия аларды кароо процессинин башталышына бөгөт койгон.

Эрдоган Анкара буга каршы экенин, анткени алардын Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын өкүлдөрү менен байланышы бар экенин айткан.

Ал эми Орусия НАТО конфронтацияга багыт алууда деп эсептейт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков альянстын мындан ары кеңейиши Европага чоң коопсуздук деле алып келбей турганын жана Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришин Орусия үчүн экзистенциалдык коркунуч деп эсептебей турганын билдирген.

Белгилей кетсек, НАТО эки өлкөнү альянстын бардык мүчөлөрүнүн макулдугусуз кабыл ала албайт.

Түркия Швецияны жана башка Батыш өлкөлөрүн Анкара террордук деп эсептеген уюмдарды, анын ичинде күрт топторуна, ошондой эле 2016-жылы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталган Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине башпаанек берүүдө деп айыптап келет.

Комментарий жиберүү