Жаңы муфтий болуп Замир Ракиев шайланды

Жаңы муфтий болуп Замир Ракиев шайланды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп  Замир Ракиев  шайланды. 26-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан мусумандарынын VII курултайында Замир Ракиевдин муфтийликке талапкерлиги колдоого алынды.Ошондой эле, Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланып, анын төрагасы болуп Көчкөнбай Сайдуллаев шайланды.Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды.Экерте кетсек, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген. Ракиев Замир Шейшенбекович тууралуу маалымат: Туулган жылы: 15.02.1978 ж.Туулган…

Прочитайте больше

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду. Бул боюнча жарлыкка КР Президенти Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.“Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири”, – деп жазылат маалыматта.Маалыматка ылайык, жарлыктын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук…

Прочитайте больше

COVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

COVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

Коронавирустун алгач Индияда чыккан штаммы учурда 85тен ашык өлкөгө жайылган «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун илимий кызматкери Сумия Сваминатан Твиттердеги баракчасына жазды.Анын айтымында, «дельта» штаммына чалдыккан адам экиден сегизге чейинки кишиге оору жугузат.БУУнун өкүлү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү өтө маанилүү экенин баса белгилеп, “Бактыга жараша дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү таасирдүү болууда, жок дегенде оорунун оор өтүшүнүн алдын алат”, – деп жазган.Ошондой эле, ал адамдарды коронавирусту жугузуп албоо үчүн…

Прочитайте больше