Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу  Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды. Бул Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болмокчу. Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары маалымдалган жок. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу боюнча макулдашуу 30-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда жетишилген. Анда Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жакынкы ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган. Иш сапардын конкреттүү даталары дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмак. Баарлашуунун жүрүшүндө,…

Прочитайте больше

Жамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн

Жамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн

Саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөн Эр-Рияддын ыкчам кызматкерлери АКШнын Мамлекеттик департаменти бекиткен келишимдин негизинде АКШда даярдыктан өтүшкөн. АКШ бийлиги жана инструкторлор ал адамдардын репрессиялардагы ролун билбесе керек, деп жазды The New York Times басылмасы. The Washington Post гезитинин журналисти Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышкан Сауд Аравиянын төр жараны АКШнын Мамлекеттик департамент тарабынан бекитилген келишимдин негизинде АКШда атайын даярдыктан өтүшкөн. Бул тууралуу 22-июнда The New York Times (NYT) басылмасы булактарга шилтеме берип жазды. Басылманын маалыматына караганда, даярдыкты Cerberus Capital…

Прочитайте больше

Wall Street Journal: АКШнын акерлери чыгып кеткенден кийин Афганистандын өкмөтү кулашы мүмкүн

Wall Street Journal: АКШнын акерлери чыгып кеткенден кийин Афганистандын өкмөтү кулашы мүмкүн

АКШнын чалгындоо агенттиги өэ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин өлкөнүн өкмөтү алты айдын ичинде кулашы мүмкүн деп билдирди. Бул туралуу Wall Street Journal  гезити жазды.АКШнын чалгындоо кызматы өткөн аптада Афганистандагы абалга атайын баа берип, Талибандын өлкөнүн түндүгүнө жылышына байланыштуу мурунку божомолун оңдогон.АКШ армиясы Афганистандагы 3500 аскеринин жарымынан көбүн жана айрым аскердик жабдууларын чыгарып кетти жана бул иш 11-сентябрга чейин аяктай турганын билдирди.Wall Street Journal гезитинин маалыматына ылайык, АКШнын чалгындоо адистери буга чейин Афганистандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн кубметрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 928 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундасына 508 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.Эки ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша…

Прочитайте больше

Мирзиёев менен Рахмон Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Мирзиёев менен Рахмон Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери кечээ, 23-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Бул тууралуу тажик президентинин маалымат кызматы билдирди. “Лидерлер аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, коңшулаштыкты чыңдоо максатында тыгыз диалогду жана аракеттерди координациялоону улантуу зарылдыгын баса белгилешти”, – деп айтылат билдирүүдө.Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга жана анын курчуп кетишинин кооптуу тенденцияларына өзгөчө көңүл бурушту.Эске салсак, 21-июнда Талибан Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Шерхон-Бандар” өткөрүү пунктун басып алып, 134 ооган…

Прочитайте больше