Президент Садыр Жапаров Россия Президентинин Администрация Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын…
Прочитайте большеDay: June 21, 2021
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болду
Индиянын Махараштра штатында коронавирустун “дельта плюс” деп аталган жаңы штаммын жуктурган 20 учур катталганы айтылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Индиянын медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы, дарыгер Т.П. Лахан “дельта плюс” штаммын Нави-Мумбай, Палгар жана Ратнагири шаарларынан табылганын, дагы үлгүлөр анализге жиберилип, отчетту күтүп жатышканын India TV телеканалына берген маегинде билдирди. Жаңы штаммды жуктурган беш учур Ратнагири порт шаарынан табылган. Аны жуктуруп алган эки адамда оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Өлкө бийлиги…
Прочитайте большеПутин Ирандын жаңы шайланган президентин куттуктады
Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын жаңы шайланган президенти Сейед Ибрагим Реисини куттуктады. Орусия Федерациясынын Президенти Иран Ислам Республикасынын жаңы шайланган президентин куттуктап, мындай деп кайрылды: “Урматтуу Сейед Ибрахим Раиси мырза! Сизди Иран Ислам Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер илгертен бери достук жана жакшы коңшулук мүнөздө болуп келген. Сиздин Улуу Даражалуу кызматтагы ишмердүүлүгүңүз ар кандай тармактарда конструктивдүү өсүшүнө, ошондой эле эл аралык мамилелердеги өз ара кызматташууга өбөлгө болот деп ишенем. Бул маселе толугу менен Орусия жана…
Прочитайте большеБУУ: Талибан Ооганстандын 50-70%ын көзөмөлдөйт
Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдө согушту Талибан баштаганын жана башаламандыктарга бул уюм жооптуу экенин билдирди. Белгилей кетсек, Ашраф Гани баш калаа Кабулда өткөн аземде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан өкмөтү тынчтыктын туруктуу планын даярдап, дүйнө жүзү жана оогандар менен бөлүшкөнүн, бирок Талибандын бул багытта азырынча планы жок экендигин билдирди.Ал, согуш учурунда да өкмөттүк күчтөрдүн жана ошондой эле адам укуктарын сыйлагандыгын билдирип, Талибан бул мыйзамдардын бардыгын бузуп, өлкөнү жок кылууга аракет кылгандыгын белгиледи.Жарандар арасындагы жоготуулардын көбөйүшүнө токтолгон президент Гани, согуш…
Прочитайте большеКыргызстандыктар көбүнчө Орусиянын кайсы аймактарына барып иштеп келишет?
Орусияга иштеп келүү үчүн келген чет элдик жарандардын жүздөн сегизи кыргызстандыктар. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Орусияга иштегени келгендердин басымдуу көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. 2021-жылдын алгачкы үч айында эле Орусия Федерациясына жумушка 556 миң өзбек, 283 миң тажик жана 166 миң кыргызстандык келген. Бул үч өлкө Орусияга иштегени келгендердин 76%ын түзөт.Ал эми, иштегени келген көптөгөн адамдар үчүн Москва шаары алдыңкы тандоодо. Ар бир үчүнчү чет элдик жаран ал жакка иштегени…
Прочитайте больше