Өзбекстанда ири мунай кени табылды

Өзбекстанда ири мунай кени табылды

Өзбекстандын Навои облусундагы Зерафшан ойдуңунда өтө илээшчек мунай менен битумдун ири кени табылды. Ал келечекте Борбор Азиядагы эң жогорку технологиялуу кен болот деп пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Расмий маалыматка ылайык, кенди “Sanoat Energetika Guruhi” (SEG) жана “Kontiki-Exploration” компаниялары биргеликте табышкан. Ал келечекте Борбор Азиядагы эң жогорку технологиялуу кен болот деп пландалууда. Андагы битум мунайдын запасы болжол менен 100 миллион тоннага бааланууда. “Битум мунайын казуунун жылдык максималдуу деңгээли 2025-жылга карата 1 миллион тоннаны…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстандын ИИМине дрон жана мобилдик платформаларды берди

Россия Кыргызстандын ИИМине дрон жана мобилдик платформаларды берди

Кечээ, 1-июлда Бишкекте Кыргызстандын Ички иштер министрлигине учкучсуз учуучу аппараттар менен мобилдик платформалар тапшырылды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, бул аппараттар БУУнун баңги жана кылмыштуулук программасы боюнча башкармалыгынын фондуна ыктыярдуу түрдө каражат салган Россиянын эсебинен сатып алынган. Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, РФ элчилигинин өкүлү Вадим Гусев жана БУУнун өкүлдөрү катышты. Россия төрт жыл ичинде баңгиге каршы күрөшүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлгөн. РФ өкмөтү программаны 2023-жылга чейин узартып, кошумча…

Прочитайте больше

Иранда катуу жер титиреп, 50дөн ашуун адам жабыркады. Сүрөт

Иранда катуу жер титиреп, 50дөн ашуун адам жабыркады. Сүрөт

Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында катары менен күчү 6,1 жана 6,3 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги маалымдады. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, зилзаладан 5 адам каза таап, 49 адам жаракат алган. Жер титирөө бүгүн таңга маал, Хормозган провинциясынын Хемир жана Бендер-Ленге шаарларына жакын жерде, 10 чакырым тереңдикте болгон.  Маалыматка караганда, алгач бир силкинүү болуп,  бир нече мүнөттөн кийин катары менен күчү 6,1 жана 6,3 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Жаратылыш кырсыгынан аймактын ар кайсыл аймактарына…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров: Тышкы карызды бир күн, бир саатда кечиктирбей төлөйбүз

Садыр Жапаров: Тышкы карызды бир күн, бир саатда кечиктирбей төлөйбүз

Президент Садыр Жапаров өлкө карызы бир күн да бир саат да кечиктирилбестен төлөнөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы “Кабар” агенттигине коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолор боюнча берген маегинде билдирди. Садыр Жапаров журналисттин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тышкы карыз төлөнбөсө эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экендигин эскерткенине токтолуп, “төлөй албай калуу коркунучу барбы?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:  “Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан…

Прочитайте больше