Украинаны калыбына келтирүү тууралуу декларация кабыл алынды

Украинаны калыбына келтирүү тууралуу декларация кабыл алынды

5-июлда ондогон мамлекеттер Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу милдеттенме алышты. Швейцариянын түштүгүндө жайгашкан Лугано шаарында өткөн эки күндүк жыйындын соңунда 40тай мамлекеттин лидерлери Украинаны калыбына келтирүү планы жазылган Лугано декларациясына кол коюшту. Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Жапония Украинага кол салганы үчүн Орусияны кескин айыптап, Москваны токтоосуз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышты. Киев менен кошо конференцияны уюштурууга көмөктөшкөн Швейцариянын президенти Игнацио Кассис декларацияны “Украинаны калыбына келтирүүдөгү негизги кадам” деп кубаттады. Киевдин эсебинде бул үчүн 750…

Прочитайте больше

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчылары жолугат

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчылары жолугат

Кыргызстанда 21-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин талкуулады. Билдирүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген. Жапаров мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтып, “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан…

Прочитайте больше

Йеменде жарылуу болду

Йеменде жарылуу болду

Жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды. Йемендин Эбян провинциясында курал сактоочу жайда болгон жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды. Аймактын тургундарынан алынган маалыматка караганда, Эбяндын Левдер шаарында курал сатуучуга таандык 3 кабаттуу имараттагы кампада жарылуу болду. Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, толугу менен талкаланган кампанын урандыларында  6 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды. Махнеф ооруканасына жаткырылган жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги кабарланды.

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколдоруна кол коюлду

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколдоруна кол коюлду

Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду. НАТОго мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрү Швеция менен Финляндиянын альянска кошулушу жөнүндөгү протоколдорго кол коюшту. Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг…

Прочитайте больше

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 16 адам жабыркады. Сүрөт

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 16 адам жабыркады. Сүрөт

Кечээ, 4-июлда Ысык-Көлдө  үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя саат 19:30дар чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында   орун алып, Honda Odyssey жана Toyota Estima  үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан. Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун  сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 14 адам ооруканага…

Прочитайте больше