Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Европа Биримдиги (ЕБ), басылып алынган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарында жаңы турак жайлардын саны 2021-жылы 22 миңге жеткенин билдирди. Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Отчетто Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт отурукташуу пландарынын мурунку жылдарга салыштырмалуу ылдамдаганы жана 22 миң 30 жаңы турак жай…

Прочитайте больше

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынды. Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон. Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту – Одесса, Черноморск жана Южный порттору…

Прочитайте больше

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индияда президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Ал штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушун алды. Ал эми анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% добушка ээ болду. Драупади Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуш алган, негизги атандашы Синха үч штатта утулуп калды. Ал өлкөнүн тарыхында мамлекет башчы болгон экинчи аял. Биринчиси 2007-2012-жылдары өлкөнү башкарган Пратибха Девисингх Патил болгон. Мурму азыркы президент Рам Натх…

Прочитайте больше

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда адаттан тыш ысыктан улам 1700дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюгенин бүгүн, 22-июльда жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.  Клюге токой өрттөрү учурда алыскы түндүктө, Скандинавияда дагы болуп жатканына тынчсызданып жатканын айтып, бул аптада Лондондогу өрттөн 41 үй жок болгонун билдирди. Испаниянын айрым аймактарында абанын температурасы 45 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1000ден ашуун испаниялыктар катуу ысыктан каза болгон.  Алардын…

Прочитайте больше

Ирандын түштүгүндө жүргөн сел кеминде 11 адамдын өмүрүн алды

Ирандын түштүгүндө жүргөн сел кеминде 11 адамдын өмүрүн алды

Ирандын Фарс провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, катуу сел жүрүп, 11 адам каза болду. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, селден кеминде 55 адам жабыркаган. Учурда 13ү дайынсыз болууда. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу акыркы маалыматты жергиликтүү Кризистик башкаруунун башкы директору Халил Абдуллахи билдирди. Анын айтымына караганда, кырсыкка нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон. Суу ташкынынан кийин дароо куткаруу топтору кырсык болгон жерге барып, жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жалпы саны 55 адамды түзөт. Бирок бул акыркы көрсөткүч…

Прочитайте больше