Индияда сел жүрдү

Индияда сел жүрдү

Селде 15 киши каза болду. Индияда катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, 15 киши каза болду.  Өлкөдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп Кашмир шаарындагы Амарнат  Хинду храмынын айланасындагы 25тен ашуун чатыр кулады.  Жетекчилер окуяда 15 кишинин каза болгондугун, 50 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдиришти.  Индия армиясы окуя болгон жерге издөө  – куткаруу жана саламаттыкты сактоо топторунун жиберилгендигин, өзгөчө жаралуулардын ооруканаларга алып берилгендыгын кабарлашты. 

Прочитайте больше

Европа Биримдигинде Covid-19дун жаңы толкуну

Европа Биримдигинде Covid-19дун жаңы толкуну

EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Европа Биримдигинин (ЕБ) Дары-дармектерди жөнгө салуу агенттиги (EMA), ЕБнин Ковид-19нун жаңы толкунун башынан өткөрүп жатканын билдирди. EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. EMAнын вакцина стратегиясы боюнча жооптуу кызматкери Марко Кавалери, ЕБнин көптөгөн өлкөлөрүндө омикрон вариантынын өтө жугуштуу мутациялары себеп болгон Ковид-19дун жаңы толкуну болуп жатканын айтты. BA.4 жана BA.5 мутацияларынын бардык континентте үстөмдүк кылышынын күтүлгөнүн белгилеген Кавалери:…

Прочитайте больше

Шри-Ланкада миңдеген демонстранттар президенттик сарайды басып алды

Шри-Ланкада миңдеген демонстранттар президенттик сарайды басып алды

Бүгүн, 9-июль Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында массалык түрдө нааразычылык акциясына чыккан эл полициянын тосмолорун бузуп өтүп, президенттик сарайды басып алышты.  Президент Готабая Раджапакса демонстранттар анын резиденциясын курчоонун алдында ал жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн суу менен атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.   Башаламандык учурунда кеминде 33 киши жаракат алганы айтылууда.  Чукул жыйынга чогулган партиялык лидерлер өлкө президенти Готабая Раджапаксаны кызматтан кетүү тууралуу арызын берүүгө чакырышты. Шри-Ланка 1948-жылы эгемендик алгандан бери эң…

Прочитайте больше

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары төртүнчү жолу кезиккени жатат

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары төртүнчү жолу кезиккени жатат

Быйыл Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик төртүнчү жолугушуусу Кыргызстанда өтөт. Ал 2022-жылдын 21-июлунда болоору пландалды. Бул тууралуу 4-июлунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду. Кыргызстан президентинин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, өлкө башчылардын маегинде аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин да талкуулашкан. Билдирүүдө кошумчалангандай, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген. Эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү Өзбекстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу болгон. Тактап айтканда,…

Прочитайте больше