Пакистанда нөшөр: 90 адам каза болду

Пакистанда нөшөр: 90 адам каза болду

1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды. Пакистандын Белужистан провинциясында 1-июндан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетти. Белужистандын Апаат Башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Кетта жана Жаффарабад шаарларында акыркы 24 саатта жааган жамгырдан улам дагы 3 киши каза тапты. Аймакта 1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды. Аймак боюнча 706 айыл чарба жаныбары селден кырылып, 4000ге жакын үй жараксыз абалга…

Прочитайте больше

Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Россиянын Украинадагы аскердик операциясына байланыштуу токтоп калган. Путиндин айтымында, келерки аптада “Газпром” газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Россия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса…

Прочитайте больше

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда акыркы 4-5 күндүн ичинде катуу ысыктан жабыр тарткан 4 миңден ашуун адам ооруканага жаткырылды. Жалпысынан өлкө боюнча жарандардан медициналык тез жардам кызматына 130 миңдей кайрылуу болгон. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги катуу ысык башталган 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта 23421 адамдын ден соолугунун абалы оорлошконун, дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен 4215 адам ооруканага жаткырылганын билдирди. Бул убакыт аралыгында Ташкент шаарында эле медициналык тез жардам кызматына 11 821 чалуу болгон. Шаардагы ооруканаларга 2185 адам түшкөн. Буга чейин Узгидромет шашылыш…

Прочитайте больше

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат. Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу…

Прочитайте больше

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россиянын Газпром компаниясы менен Ирандын Улуттук мунай компаниясы мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты. Документке 19-июлда онлайн азем учурунда Мохсен Хочестемехр жана орусиялык “Газпром” компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов кол коюшту. “Ирандын улуттук мунай компаниясы менен россиялык Газпром компаниясынын ортосунда жалпы суммасы 25 миллиард долларлык стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта. Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай…

Прочитайте больше

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Хизбулланын баш катчысы өзүнүн жылдык «Ашура» сөзүндө Ливан согушту каалабайт, бирок ал татыктуусун ала албаса, сионисттик режимге мунай ресурстарын чыгарып кетүүгө уруксат берилбейт деп билдирди. Аль-Алам  агенттигинин маалыматына ылайык, Ливан “Хезболланын” баш катчысы “Сейд Хасан Насралла” миссионерлер жана аалымдардын катышуусу менен өтүп жаткан жылдык Ашура жыйынында мындай деп баса белгиледи: “Эгер Ливан мунай жана газ ресурстарын казуу укугуна ээ болбосо, сионисттик режим бүтүндөй оккупацияланган Палестинада аны чыгаруусуна жол берилбейт.  “Аль-Ахбар” кабарына ылайык, ал мындай кошумчалаган:…

Прочитайте больше