Быйыл Россиядан 15миңден ашуун миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Мындай божомол Henley&Partners аналитикалык агенттигинин глобалдык миграция боюнча иликтөөсүндө айтылды.

  • Иликтөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс: “Россия миллионерлерин жоготууда. Акыркы он жылдан бери бай кишилер Россиядан жыл сайын эмиграцияланууда. Бул өлкө туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө алдын ала эскертүү. Ири өлкөлөрдүн кыйрашы дайыма бай кишилердин эмиграциясынын тездеши менен коштолгон. Алардын каражаты бар болгондуктан, биринчилерден болуп чыгып кетишет”, – деген.

Талдоочулар АКШ менен Улуу Британия россиялыктардын эмиграциясы үчүн анчалык ыңгайлуу эмес экенин айтышат. Себеби алардын байлыгына байланыштуу юридикалык жана этикалык маселелер жаралышы ыктымал. Алардын божомолунда капчыктуу кишилердин эмиграциясы үчүн Бириккен Араб Эмираттары эң жагымдуу өлкө болот.

Миграциянын башка багыттары Австралия, Сингапур, Израиль, мындан тышкары Мальта, Монако жана Маврикий да боло алат.

Иликтөөнүн авторлорунун баамында жыл соңуна чейин Украинадан 2800 миллионер чыгып кетиши мүмкүн. Бул өлкөдөгү миллионерлердин 42%ын түзөт.

Комментарий жиберүү