Astra Zeneca вакцинасы канчалык коопсуз?

AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин тхэквондонун экс-чемпиону бутунан айрылды, ал эми Сейшел аралдарынын тургундары кайрадан коронавируска чалдыгышты; бул вакцина канчалык коопсуз экени белгисиз бойдон калууда.

Билдирүүлөргө ылайык, Улуу Британиянын тхэквондо боюнча экс-чемпиону, 58 жаштагы Дейв Мейерс, AstraZeneca вакцинасын алгандан бир канча саат өткөндөн кийин буту катуу ооруп, тизесинен ылдый кестирип салганга аргасыз болгон. Дарыгерлер ага “белгисиз инфекция” деген диагноз коюшкан.

Дейв Мейерстин айтымында, ал  AstraZeneca вакцинасын агандан кийин абалы начарлап кеткен. Британдык-шведдик бул вакцинанын терс натыйжалары 30-апрелде Германияда катталган. AstraZeneca вакцинасын алгандардын 67синде тромбоз пайда болуп, 14 адам, 9 аял жана 5 эркек киши мерт кеткен.

Ал эми фармокологиялык көзөмөлдүн изилдөөсү боюнча, бул вакцинанын терс таасирлери нормадан жогору экени аныкталган. Учурда ЕБ дагы AstraZeneca вакцинасын кайрадан сатып алуудан баш тартканын жарыялаган. Буга себеп компанияга болгон бир канча соттук арыздар болду.

Бир канча күн мурда Индия океанынын Сейшел аралдарынын дээрлик 62% тургундары эмдөөдөн өткөн соң, кайрадан коронавируска чалдыгышкан. Белгилүү болгондой сейшелдыктар AstraZeneca менен Sinopharm вакциналары менен эмделишкен. Изилдөөлөргө ылайык, AstraZeneca вакцинасыныны эффективдүүлүгү 79% гана болуп, 95%га жеткен Pfizer жана Moderna вакцинасынан алда канча алсызыраак экендиги аныкталган.

Эске салсак, Кыргызстанда Sinopharm, Sputnik 7 вакциналары алынып келинген жана жакынкы айларда AstraZeneca вакциналарынын келиши күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү