Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Ирандын Салматтыкты Сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун 5-толкуну башталганын билдирди. Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы вакциналар кеңири алынып келип, улуттук вакциналар да чыгарылып, масштабдуу эмдөөлөр башталганына карабастан, коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммдары пайда болууда.Учурда коронавиурстун “Индия штаммы” Ирандын 92 шаарында табылган. Ошону менен бирге, 80 миллиондук калктуу өлкөдө күнүнө 8 миңден 10 миңге чейин коронавирустук жаңы учурлар катталса, 90-100гө чукул бейтаптар көз жумууда. Падемия башталгандан бери жалпы ооругандардын саны 3 миллиондон ашып, 100 миңге жакыны дүйнө салса,…

Прочитайте больше

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Акыркы мезгилде “Талибан” кыймылы Афганистандын бир нече райондорун басып алууда. Жакында алар Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын стратегиялык жактан маанилүү болуп саналган бажы пунктун да көзөмөлгө алды. Ошол эле учурда Афганистан армиясынын жүздөн ашык аскери талибдер менен болгон айыгышкан согушка туруштук бере албай, Тажикстандын чек арасына, дагы элүүдөн ашыгы Өзбекстандын аймагына качып кирүүгө аргасыз болушту. Бул арада БУУнун Афганистан боюнча өкүлү Афганистандын өкмөтү алгач АКШ жана НАТО армиясы чыгарылгандан кийин эки жылдан соң кулашы мүмкүн…

Прочитайте больше

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

Америкалык аскерлердин бардыгы Афганистандын баш калаасынын түндүгүндөгү Баграм аба базасынан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын жогорку даражалуу чиновнигине шилтеме жасап билдиришти.Бул жаңылык АКШнын жана башка НАТО аскерлеринин Афганистандан чыгып кетиши тууралуу божомолдор айтылгандан кийин жарыяланды.АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын кабарчысы Женнифер Гриффин бул маалыматты тастыктап, Твиттердеги баракчасына АКШ аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынан чыгып кеткенин жазды.Маалыматка ылайык, АКШнын Афганистандагы эң ири аскер базасы “Баграм” ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп берилет.Баграм авиабазасы Кабулдан 20 км. түштүктө жайгашкан жана…

Прочитайте больше

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол курулушу ишке ашпай келет?

“Евразия тудей” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган кезектеги тегерек стол “Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай келатат? Бул реалдуу долбоорбу же кайсы бир сырткы күчтөр бут тосуудабы?”,- деген темага арналды. Кытайдан башталып, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Иранга чейин жеткен, андан ары Прес булуңуна жана дүйнөлүк океанга чыгууга жол ачкан темир жол курулуп калса, ага катышкан мамлекеттерге кандай пайдасы бар жана башка өлкөлөргө экономикалык жана саясый жактан таасир этеби? Бул теманы талкуулоого экономисттер жана…

Прочитайте больше

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

Индиянын штаммына каршы “Sputnik V” эффективдүүлүгү болжол менен 90%ды түзөөрүн белгиледи вакцинаны иштеп чыккан Гамалея изилдөө борборунун директорунун орун басары Денис Логунов. Анын айтымында, иштеп чыгуучулар маалыматты интегралдык түрдө чогулткан UMIAS жана EGISZ электрондук тутумдарына таянып алышкан.“Ошондой эле, бул маалыматка ылайык, Индиянын штаммына карата дагы, Sputnik вакцинасынын натыйжалуулугу болжол менен 90% бойдон калууда”, – деди Логунов “Россия Сегодня” маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда. Ал ошондой эле вакцинанын эффективдүүлүгү ар кандай параметрлер боюнча бааланарын түшүндүрдү.

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

Бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 374 миң 604 адамга көбөйдү. Бул тууралуу илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картадан көрүүгө болот.Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 181 миллион 761 миң 814 адамга жуккан. Эң көп АКШда 33 миллион 652 миң 98 учур катталган. Андан кийинки орундардагы Индияда 30 миллион 316 миң 897, Бразилияда 18 миллион 513 миң 305, Францияда 5 миллион 835 миң 885, Орусияда 5 миллион 428 миң 961, Түркияда 5 миллион 420 миң 156,…

Прочитайте больше

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапты

Канаданын Британдык Колумбия провинциясында болуп көрбөгөндөй ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйүп жатат. РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, бир нече күндүн ичинде аймакта 486 адам ысыкты көтөрө албай каза тапты. 29-июнда Британдык Колумбия провинциясынын бийлиги  провинциянын ар кайсы шаарларында 100дөн ашуун адам аномалдуу жогорку температуранын курмандыгы болгонун билдирген. Капыстан каза болгон учурлар Ванкувер, Барнаби жана Суррей шаарларында катталды. Каза болгондордун көпчүлүгү пенсионерлер экени айтылууда. Метеорологдор 29-июнда аймакта абанын температурасы 49,5 градусту көрсөткөнүн катташкан. Дарыгерлер суу…

Прочитайте больше

Тажикстандын аймагына дагы 17 ооган аскери качып өттү

Тажикстандын аймагына дагы 17 ооган аскери качып өттү

Кечээ, 27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады. “Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. 22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын…

Прочитайте больше

Трамптын биринчи митинги өттү

Трамптын биринчи митинги өттү

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп кызматтан кеткенден кийин биринчи митингин өткөрдү. Белгилей кетсек, ал Жо Байдендин миграциялык саясатын кескин сынга алып, Огайо штатындагы Веллингтон шаарында “Американы сакта” деп аталган митинг өткөргөн.Дональд Трамп тарапкерлеринин алдына чыгып, 2020-жылы ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжалары боюнча экинчи мөөнөткө кайра шайланбай калган жыйынтыктар бурмаланган деген билдирүү менен баштады.Ал ошондой эле билдирүүсүндө “үчүнчү жолу президенттик шайлоого катыша алам” деп кыйытты.Митингде Трамп буга чейин активдүү сүйлөгөн темаларга кайрылып, биринчи кезекте Мексика менен чек арадан өтүп, өлкөгө барган…

Прочитайте больше

COVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

COVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

Коронавирустун алгач Индияда чыккан штаммы учурда 85тен ашык өлкөгө жайылган «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун илимий кызматкери Сумия Сваминатан Твиттердеги баракчасына жазды.Анын айтымында, «дельта» штаммына чалдыккан адам экиден сегизге чейинки кишиге оору жугузат.БУУнун өкүлү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү өтө маанилүү экенин баса белгилеп, “Бактыга жараша дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү таасирдүү болууда, жок дегенде оорунун оор өтүшүнүн алдын алат”, – деп жазган.Ошондой эле, ал адамдарды коронавирусту жугузуп албоо үчүн…

Прочитайте больше

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстанда аскердик машыгуулар башталды

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстанда аскердик машыгуулар башталды

Өзбекстанда аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча пландалган машыгуулар башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Тактикалык машыгуулардын жүрүшүндө өздүк курамдын иш-аракеттери, берилген багытта коргоону күчөтүү мүмкүнчүлүгү жана күжүрмөн даярдыктын жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышы текшерилет. Аскердик машыгуулар Ооганстандагы абалдын курчушуна байланыштуу өтүп жатат. Бүгүн, 25-июнда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 23-июнда Ооганстандын 53 чек ара кызматкери жана жергиликтүү куралчан ополчениенин аскерлери Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин маалымдады. Эске салсак, 22-июнда Талибан кыймылынын согушкерлери Тажикстан менен…

Прочитайте больше

COVID-19дун “дельта” штаммы Өзбектанда да табылды

COVID-19дун “дельта” штаммы Өзбектанда да табылды

Индияда жайылып, кооптуу экени айтылып жаткан коронаирустун “дельта” штаммы коңшу өлкө Өзбектанда да табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдашты.Өзбекстандын алдынкы технологиялар борборунун жетекчисинин орун басары Алишер Абдуллаев эмдөө жай жүрүп, элдин санитардык эрежелерди жана карантиндик чараларды сактабагандыгы үчүн коронавирустун жаңы учурлары көбөйүп жатканын билдирди.Бул өлкөдө коронаирус боюнча жалпы 107 миң 708 учур катталды.Экерте кетсек, коронавирустун “индиялык штаммынын” угуунун начарлашы, диарея, ашказандын катуу бузулушу жана гангренага алып келүүчү тромбдун пайда болушу сыяктуу бир нече кооптуу белгилери байкалганы…

Прочитайте больше

Жамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн

Жамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн

Саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөн Эр-Рияддын ыкчам кызматкерлери АКШнын Мамлекеттик департаменти бекиткен келишимдин негизинде АКШда даярдыктан өтүшкөн. АКШ бийлиги жана инструкторлор ал адамдардын репрессиялардагы ролун билбесе керек, деп жазды The New York Times басылмасы. The Washington Post гезитинин журналисти Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышкан Сауд Аравиянын төр жараны АКШнын Мамлекеттик департамент тарабынан бекитилген келишимдин негизинде АКШда атайын даярдыктан өтүшкөн. Бул тууралуу 22-июнда The New York Times (NYT) басылмасы булактарга шилтеме берип жазды. Басылманын маалыматына караганда, даярдыкты Cerberus Capital…

Прочитайте больше

Талибан Тажикстан менен чектеш аймакты басып алды

Талибан Тажикстан менен чектеш аймакты басып алды

Афганистандын Кундуз провинциясындагы Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж району менен чектешкен  Кундуз провинциясынын Имам Сахиб аймагын Талибан басып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Талибандын согушкерлери аймакты басып алышып, эми Кундуз шаарын курчоого алып жатышат. Маалыматта талиптер Имам Сахиб аймагын басып алып, Тажикстан менен чектешкен чек ара айылы жана дарыя порту Шерхан Бандарга жакын болуп калгандыгы  белгиленүүдө. Ал Имам Сахиб аймагынын батыш тарабында, Пянж дарыясынын түштүк жээгинде, тажиктердин чек арадагы Ылдыйкы Пянж айылына карама-каршы жайгашкан.Эскерте кетсек,…

Прочитайте больше

130дан ашуун ооган аскерлери Тажикстанга баш калкалашты

130дан ашуун ооган аскерлери Тажикстанга баш калкалашты

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө 130дан ашуун ооган аскерлери баш калкалаганын билдирди. Билдирүүдө тажик-ооган чек арасындагы кырдаал оор экени айтылган.Белгилей кетсек, 21-июнда Талибан козголоңчулары Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Шерхан Бандар чек ара комиссариатына кол салышкан.Ал эми,  22-июнда эртең мененки саат 9га чейин созулган куралдуу жаңжалдын кесепетинен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн 134 мүчөсү талиптерге каршы туруштук бере албай, Тажикстанга баш калкалады.Тажик чек арачылары гумандуулук жана жакшы коңшулук принциптерине ылайык, ооган аскерлеринин Тажикстанга эркин киришине уруксат беришти.Аскерлердин…

Прочитайте больше
1 28 29 30 31 32 47