Видео: Түштүк Корея жүргүнчүлөр отурган автобуска 5 кабаттуу үй кулап, 9 киши каза тапты

Видео: Түштүк Корея жүргүнчүлөр отурган автобуска 5 кабаттуу үй кулап, 9 киши каза тапты

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон имараттын автобустун үстүнө кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрү бар автобус турган коомдук транспорттун токтоочу жайына 5 кабаттуу имарат кулап, кеминде тогуз адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Окуя Сеулдун түштүк-батышындагы Кванжу шаарында болгон. Имаратты бузуу иштери жүрүп жатканда үй аялдамада турган автобустун үстүнө кулаган. Автобусттун ичинде 17 жүргүнчү бар болгон. Өлкөнүн Улуттук өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча,  окуяда 9 жүргүнчү каза болуп, 8 адам оор жаракат…

Прочитайте больше

ДССУ:Адамзат мындан ары коронавирус менен жашаганга көнүшү керек

ДССУ:Адамзат мындан ары коронавирус менен жашаганга көнүшү керек

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту толугу менен жок кылуу келечекте мүмкүн эместигин билдирди.  ДССУнун өкүлү, доктор Дэвид Набарронун айтымында, вакциналардын же дары-дармектердин жардамы менен коронавирус жок болот деп үмүттөнүүнүн кажети жок. «Адамдар ушул вирус менен жашоону үйрөнүшү керек болот. Жаңы штаммдар пайда болот, оорулардын башталышы жана инфекциянын жаңы очоктору пайда болот, биз буга көнүшүбүз керек », – деди доктор Набарро Sky News каналына берген маегинде. Анын айтымында, бүткүл дүйнө жаңы штаммдардын пайда болушуна таң калычтуу нерсе эмес,  бул…

Прочитайте больше

Франциянын президентин белгисиз адам бетке чапты

Франциянын президентин белгисиз адам бетке чапты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Дром департаментине барганда белгисиз адам жаакка чапты.  Бул окуя видего түшүп калып, социалдык тармактарда жайылып, коомчулуктун талкуусуна алынганын BFMTV каналы билдирди.Кадрларда мамлекет башчы жарандар турган тосмолорго кандайча жакындагандыгы жана ушул учурда бир адам саясатчынын бетине чапканы көрсөтүлөт.Окуяда белгисиз адамды президенттен коргоо үчүн коопсуздук кызматкерлери тез арада кийлигишишти. Алар кол көтөргөн адамдын колун кайрып, токтотушкан.Телеканалдын билдирүүсүндө, окуядан кийин эки адам кармалган.

Прочитайте больше

Талибан Тажикстан менен Кыргызстанды талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

Талибан Тажикстан менен Кыргызстанды талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы Тажикстан менен Кыргызстанды көйгөйлөрүн диалог жолу менен чечүүгө жана эки өлкөгө тең пайдалуу логикалык чечим издөөгө үндөйт. Бул тууралуу Талибандын расмий өкүлү Забехулла Мужохид Твиттерде жарыялаганын маалымат каражаттары кабарлашты.Бул билдирүү 5-июнда жарыяланган. Анда: “Ислам Эмирлиги (уюм өзүн Ислам Эмирлиги деп атайт) эки Ислам жана бир тууган өлкөлөрдү ортодогу көйгөйдү диалог жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырат”, – деп жазылат.Борбор Азиядагы эки өлкөнү өз ара келишпестиктерин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөгөн бул топ АКШ менен тынчтык…

Прочитайте больше

Пакистанда эки поезд кагылышып, ондогон адамдар каза тапты

Пакистанда эки поезд кагылышып, ондогон адамдар каза тапты

Пакистанда жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 36 жүргүнчү каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.Окуя бүгүн, дүйшөмбү күнү эртең менен Пакистандын Синд провинциясында болгон. Провинциянын Готки шаарынын комиссарынын орун басары Усман Абдулла эки поезддин кагылышуусынун натыйжасында болжол менен 14 вагон оодарылып кеткен, ал эми сегиз вагон толугу менен талкаланганын билдирди. Пакистандын маалымат каражаттары курман болгондордун көпчүлүгү Карачиден Пенджабга жана Равалпиндиден Карачиге бара жаткан жүргүнчүлөр болгонун кабарлашты. Пакистандын түштүгүндөгү ооруканалардагы…

Прочитайте больше

Токтогазиева тажик бийлигин Эл аралык кылмыш сотуна берди

Токтогазиева тажик бийлигин Эл аралык кылмыш сотуна берди

Кечээ, 6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек аарсындагы окуяны тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогонун өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. «Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин баардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең…

Прочитайте больше

Дүйнөдө бузукулук боюнча Ислам өлкөлөрүнүн рейтингик андай?

Дүйнөдө бузукулук боюнча Ислам өлкөлөрүнүн рейтингик андай?

Дүйнө жүзү боюнча баңгилик жана бузукулук өтө көп тараган алдыңкы он өлкөлөрдүн тизмеги жарыяланды. Сойкулук жана адам сатуу боюнча орточо көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү биринчи өлкөлөр:1. Тайланд (буддист)2. Дания (христиан)3. Италия (христиан)4. Германия (христиан)5. Франция (христиан)6. Норвегия (христиан)7. Бельгия (христиан)8. Испания (христиан)9. Америка (христиан)10. Финляндия (христиан) Дүйнөдөгү уурулук статистикасы боюнча эң жогору болгон алдыңкы өлкөлөр:1. Дания жана Финляндия (христиан)2. Зимбабве (христиан)3. Австралия (христиан)4. Канада (христиан)5. Жаңы Зеландия (христиан)6. Индия (буддист)7. Англия (христиан)8. Америка (христиан)9. Швеция (христиан)10….

Прочитайте больше

Трамп: Кытай коронавирус үчүн 10 трлн. доллар компенсация төлөшү керек

Трамп: Кытай коронавирус үчүн 10 трлн. доллар компенсация төлөшү керек

АКШ КOVID-19 эпидемиясынын чыгышындагы Кытайдын ролу жөнүндө буга чейинки дооматтарын дагы бир жолу кайталады. Белгилей кетсек, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп, Кытай  КOVID-19 эпидемиясы жапа чеккен өлкөлөргө 10 трлн. доллар компенсация төлөп бериши керек деп билдирди.Билдирүүдө Трамп коронавирусунун булагы Ухань лабораториясынан чыккан деген негизсиз дооматтарды дагы бир жолу кайталады.Эске салсак, Трамп Ак үйдө жүргөндө коронавирусту  “кытай вирусу”, деп атап, Кытайдан келип чыккан глобалдык эпидемияны айткан.Wall Street Journal бир нече жума мурун, Кытайдын Ухань шаарында лабораториянын үч кызматкери…

Прочитайте больше

Инсультту алдын алуучу чип ойлоп табылды

Инсультту алдын алуучу чип ойлоп табылды

Гарвард университетинин окумуштуулары инсульт коркунучун алдын ала билүү үчүн теринин астына коюла турган кичинекей чипти ойлоп табышты. Atrial fibrillation менен ооруган адамдар тез-тез инсульт болуп, кээде диагноз коюлбай, өз убагында дарыланбай калышат. Ушуга байланыштуу илимпоздор инсульттун кайталанышы ыктымал бейтаптарды аныктоонун жолдорун издеп жатышат.  Гарвард университетинин окумуштуулары азыр чакан микросхеманы иштеп чыгышты, ал тери астына түшкөндө инсульттун кайталанышын аныктай алат. Жүрөктүн кагышын жана ритмин көзөмөлдөө менен, чип дарыгерлерге криптогендик инсультту башынан өткөргөн бейтаптардагы фибрилляцияны аныктоого жардам…

Прочитайте больше

Тажикстанда Иран полициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Тажикстанда Иран полициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Душанбеде Иран полициясынын өкүлчүлүгү, ал эми Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ишке кирет. Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рамазон Рахимзода менен Ирандын полиция башчысы, бригадалык генерал Хусейн Аштаринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз борбору маалымдады. Ведомстволордун жетекчилери коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Кызматташтыкты бекемдөө максатында Тажикстанда Иран полицисынын өкүлчүлүгүн, ал эми Иранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу сунушталды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Мындан тышкары, Рахимзода менен…

Прочитайте больше

Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты

Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты

Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу Ирандын Кызыл жарым ай куткаруу уюму билдирди.Ирандын маалымат каражаттарынын жарыялаган маалыматтарына ылайык, 2-июнда Ирандын борбору Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан. Курмандыктар жана канча аянтты өрт каптаганы жана анын келип чыгуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.Окуя болгон жерде ири көлөмдөгү от жана коюу түтүн асманга көтөрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүргүчтөр тартылган.

Прочитайте больше

Пакистан Тажикстанга өз өндүрүшүнөн чыккан курал-жарак жеткирет

Пакистан Тажикстанга өз өндүрүшүнөн чыккан курал-жарак жеткирет

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда эки өлкөнүн коргонуу жана куралдануу тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулады. Тажикстан башчысы эки күндүк сапары менен Пакистанга барган. Жолугушуунун жыйынтыгында Имран Хан журналисттерге: “Коргонуу тармагында кызматташууну өнүктүрүү биз үчүн өтө маанилүү”, – деди. “Озодиге” тажик өкмөтүнүн делегация курамындагы өз булагы билдиргендей, Эмомали Рахмон менен Имран Хан Исламабадда жеке жолугушуу өткөргөн. “Жолугушуу жабык эшик артында болду, балким алар бул маселелерди талкуулашты, бирок коргонуу тармагында кызматташуу…

Прочитайте больше

Өлүмгө алып келүүчү мукормикоз оорусу Иракка жетти

Өлүмгө алып келүүчү мукормикоз оорусу Иракка жетти

Ирактын түштүгүндөгү Ди-Кар провинциясында мукормикоз – грибок инфекциясынан улам кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу “Rudaw” телеканалы жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Аммар аль-Замилиге шилтеме берип маалымдады. Маалыматка караганда, өлкөдө грибок инфекциясын жуктуруунун жалпы төрт учуру катталган. “Насирия шаарында мукормикозду жуктуруп алган төрт учур жана эки өлүм катталды. Эки учур тең коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен байланыштуу”, – деп билдирген Аль-Замили. Мукормикоз – грибок инфекциясынан улам пайда болгон кошумча оору. Оору айлана-чөйрөдөгү грибок споралары менен…

Прочитайте больше

Түркмөнстанда тамекини таштоону каалагандар үчүн ишеним телефону иштей баштады

Түркмөнстанда тамекини таштоону каалагандар үчүн ишеним телефону иштей баштады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Түркмөнстандын аймагында тамекини таштоонун ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу Инстаграмда ДСУнун басма сөз кызматы жарыялады.Белгилей кетсек, “ишеним телефону” никотинге көз карандылыкты жоюу максатында кеңеш берүү кызматтары борбору тарабынан иштейт. Тамекиге жана башка никотиндүү чылымдардан жабыркаган бейтаптар эми 118 номуруна чалуу менен саламаттыкты сактоо адистеринен кеңеш ала алышат. Адистерге наркологдор, терапевттер, психологдор кирет. Сүйлөшүүнүн башталышында бир гана нерсе көрсөтүлүшү керек, ал тиешелүү жарандын тамеки тартып баштаган жашы жана мөөнөтү.  ДССУнун…

Прочитайте больше

Британияда COVID-19дун лабораторияда жасалгандыгы жөнүндө далилдер табылды

Британияда COVID-19дун лабораторияда жасалгандыгы жөнүндө далилдер табылды

Британиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирустун жасалма жол менен келип чыккандыгы жөнүндө далилдери бар экендигин билдиришти. Бул тууралуу Daily Mail жазды. Адистердин айтымында, кытайлык окумуштуулары SARS-CoV-2ни Ухань лабораториясында иштеп чыгышкан. Андан кийин алар бардык далилдер вирус табигый түрдө пайда болгонун көрсөтө тургандай кылып “из жашырууга” аракет жасашкан, деп айтылат изилдөөдө. Далглиш менен Соренсен 2002-2019-жылдар аралыгында Ухань шаарында окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн эксперименттерге анализ жасашып, кытай окумуштуулары, анын ичинде америкалык университеттер менен биргеликте…

Прочитайте больше
1 30 31 32 33 34 47