Тажикстанда чегиртке каптаган аянт 87 миң гектарга жетти (видео)

Тажикстанда чегиртке каптаган аянт 87 миң гектарга жетти (видео)

Тажикстандын Айыл чарба министрлигине караштуу «Чегирткеге каршы күрөшүү боюнча экспедиция» мекемесинин адистери быйыл өлкө боюнча чегиртке каптаган жерлердин жалпы аянты 115 миң гектарга жетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Алардын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 13 миң гектарга көп болот. «Азыр айыл чарба жерлерине дары чачылып жатат. Чегирткеге каршы күрөшүүгө ондогон техника, аэрозоль станоктору жана башка каражаттар тартылды», — деди мекеме жетекчисинин орун басары Ахмаджон Муминжонов. 25-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон чегиртке көп каптап жаткан Хатлон облусундагы Пянж…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстанды блокадага камады

Кыргызстан Тажикстанды блокадага камады

Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына куралдуу кол салып, согуштук абалга жеткиргенден кийин маалыматтык согушу башталган. Бирок азыр эки мамлекеттин ортосунда үчүнчү багыттагы тиреш күчөдү. КР Министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майында атайын токтом чыгарып, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине жана алар кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө да “убактылуу чектөө” киргизди. Ошентип 21-майдан тартып, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу толук жапты. Чек ара маселесинен чыккан чырдан кийин Кыргызстан өзүндө болгон…

Прочитайте больше

Миллиондогон каннибал-чычкандар Австралиянын чыгышын каптады

Миллиондогон каннибал-чычкандар Австралиянын чыгышын каптады

Миллиондогон чычкандар Квинсленд жана Жаңы Түштүк Уэльс штаттарын басып алышты. Кемирүүчүлөр фермаларды, үйлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды каптап кетишти.“Шаар тургундары алардан чыккан ачуу жытка тумчугуп жатышат. Чычкандар азык-түлүк ташуучу унааларга түшүп, өлкөнүн чыгыш тарабында автобус менен жүрүшөт, жакында алар Австралиянын эң ири шаары Сиднейге жетишет”,- деп жазат Bloomberg. Австралиялыктардын айтымында, чычкандардын мындай чабуулу “чумага” окшош. Алар көбөйгөндөн улам көбөйүп, өз өлүктөрүн жеп жатышканы айтылды. Австралиянын Улуттук изилдөө уюму (CSIRO) бир гектар жерге 800-1000 кемирүүчүлөр туура келет…

Прочитайте больше

10 миңден ашуун америкалыктар эмдөөдөн кийин кайра COVID-19 вирусун жуктурушкан

10 миңден ашуун америкалыктар эмдөөдөн кийин кайра COVID-19 вирусун жуктурушкан

Reuters АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) толук эмделген адамдардын арасында 10 миңден ашууну кайра COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандыгын билдирди. Белгилей кетсек, бул боюнча 30-апрелге карата 46 штатта 10262 учур катталган.Pfizer / BioNTech же Moderna вакцинасынын эки дозасын алгандарда 1-2 жума аралыгында кайрадан коронавирус табылган.Алардын 10 учурдун алты 6%ы аялдар жана бейтаптардын орточо жашы 58 жашты түзгөн.  Болжол менен 10% учурларда стационардык дарылануу талап кылынса, 160 адам (1,5%) көз жумган жана 28 учурда…

Прочитайте больше

200дөй тажик жараны «Манас» аэропортунан артка кайтарылды

200дөй тажик жараны «Манас» аэропортунан артка кайтарылды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Азаттык Үналгысы жазды. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты. 25-майда түнкүсүн Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан. Алар кайра келген учактарын да артка кайтышкан. Министрлер кабинетинин 2021-жылдын…

Прочитайте больше

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады (видео)

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады (видео)

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, Бакай-Ата районунда саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары каналга батпай Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун жана Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 га айдоо жерин каптады. Жерине айыл аймактан бир жүктөгүч, бир экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши жана ӨКМдин 15 кызматкери тартылды.

Прочитайте больше

Түркияда аскердик роботтор жасалды (фото, видео)

Түркияда аскердик роботтор жасалды (фото, видео)

Түркияда жасалган ортоңку класстагы аскердик “Barkаn” деп аталган жерде жүрүүчү пилотсуз роботтоштурулган аппарат бир катар сыноолордон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Anadolu агенттиги түркиялык “Havelsan” компаниясынын башкы директорунун орун басары Мухиттин Солмазга шилтеме берип маалымдады. Солмаз айткандай, аппараттын үстүнөн иштөө бир жарым-эки жыл мурун башталган. Ал куралдуу чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана аскерлерди колдоо үчүн жасалган. “Биздин негизги максатыбыз – бул аппаратка жасалма интеллектти киргизүү. Бул унаалар  пилотсуз учуучу аппараттар, башка пилотсуз жерде жүрүүчү техникалар же башка башкарылуучу аппараттар…

Прочитайте больше

Италияда асма жолдо илинген кабина 20 метр бийиктиктен кулап, 14 адам каза болду (видео)

Италияда асма жолдо илинген кабина 20 метр бийиктиктен кулап, 14 адам каза болду (видео)

Италиянын түндүгүндө Мажоре көлүнө жакын жерде асма жолдо илинген фуникулёр кабинасы 20 метр бийиктиктен кулап, кеминде 14 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.   Кабина жүргүнчүлөрдү Стреза курорттук шаарынан Пьемонттогу Моттаррон тоосуна  алып бара жаткан.Куткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаракат алгандардын арасында  беш жана тогуз жаштагы эки бала бар болгон, алар тик учак менен Туриндеги ооруканага жөнөтүлгөн. Кийинчерээк 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам көз жумган. Экинчи бала бир нече сыныктарды алган, дарыгерлер…

Прочитайте больше

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай Палестинага 2 миллион долларлык гуманитардык жардам жана коронавируска каршы 200 000 доза вакцина жөнөтөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Чжао Лицзянь билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары маалымдашты.Анын айтымына караганда, Кытай Палестинага шашылыш гуманитардык жардам түрүндө 1 миллион доллар накталай акча жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин, палестиналык качкындарга таркатылып берилиш үчүн дагы 1 миллион доллар жана 200 000 доза коронавирустун вакцинасы жөнөтүлүп, өлкөнүн Качкындарга жардам берүү жана жумушка орноштуруу агенттигине (UNRWA) тапшырылат. Буга…

Прочитайте больше

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда. Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда. Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта…

Прочитайте больше

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттар маалымдашты. Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль өкмөтү өлкөнүн Коопсуздук иштери боюнча министрлер кабинети Египеттин эки тараптын ок атышпоо демилгесин кабыл алгандыгын билдиргенин жарыялашты. Палестинанын ХАМАС кыймылы эгерде Израиль ок атууну токтотуунун шарттарын аткарса, анда алар дагы 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирди. Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, макулдашуу АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин…

Прочитайте больше

Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн

Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн

АКШ бийлиги 20 мамлекетте аскер базаларынын долбоорун иштеп чыгууга дээрлик 250 миллион доллар бөлдү. Тажикстанга АКШнын аскер базасы курулушу мүмкүн экенин RT агенттиги АКШнын Кургактагы күчтөрүнүн инженерлер корпусунун арызына шилтеме берүү менен билдирет. Документке ылайык, Вашингтон Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азиядагы 20 өлкөдө, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда инфраструктурасы бар аскер базаларын курууга ниеттенүүдө. Объектилерге аэропорттор, унаа  жолдору, ооруканалар, электр станциялары, суу менен камсыздоо тармактары жана башкалар кирет. Базалар перрондор жана учуп-конуучу тилкелер…

Прочитайте больше

Алдыдагы 24 сааттын ичинде ХАМАС менен Израилдин ортсунда ок атышуу токтотулушу мүмкүн

Алдыдагы 24 сааттын ичинде ХАМАС менен Израилдин ортсунда ок атышуу токтотулушу мүмкүн

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бир бөлүгү менен Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ортосунда ок атууну токтотуу боюнча келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, шаршемби күнү Палестина каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) борбордук комитетинин жооптуу катчысы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары билдиришти. Ал Сауд Аравиясынын “Шарк” телеканалына берген маегинде, “Египет баштаган араб өлкөлөрүнүн аракети ок атышууну токтотуу жөнүндө келишимдин долбоорунун ийгилигин арттырды жана бул келишим 24 сааттын ичинде түзүлүшү мүмкүн”, – деди. Ошондой эле, ал согуш жана…

Прочитайте больше

Палестинага каршы агрессияны дүйнөлүк жылдыздар кандай кабыл алышты? (фото)

Палестинага каршы агрессияны дүйнөлүк жылдыздар кандай кабыл алышты? (фото)

Сионисттик өкмөттүн палестиналыктарды Шейх Жаррахтагы үйлөрүнөн кууп чыгуу аракеттери жана Газаны ырайымсыз бомбалоосу дүйнө жүзү боюнча нааразычылыктарды пайда кылды. Дүйнөнүн белгилүү адамдары Израилдин аёосуз бомбалап жаткан палестиналыктарын коргоого чакырышты. Социалдык тармактарда миллиондогон жазылуучулары бар дүйнөлүк жылдыздар да четте калышкан жок. Бүгүнкү күнгө чейин эң күчтүү билдирүүлөрдүн бирин 53 жаштагы Голливуд оюнчусу “Эмми” жана “Алтын Глобустун” ээси Марк Алан Руффало жасады.  Ал Твиттерде “палестиналыктарга толук жана бирдей жарандык укуктар берилгенге чейин” эл аралык лидерлерди Израилдин негизги өнөр жайларына…

Прочитайте больше

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Согуштун үрөй учурарлыгын түшүнүү жана сезүү үчүн – курман болгондордун, жаракат алгандардын же ата-энесиз калган балдардын жана кайгыга баткан адамдардын сүрөттөрүн көрүү жетиштүү болот. Бүгүн бири-бирине абадан сокку уруп жаткан Израиль менен Палестинанын жаңжалында бир гана имараттар жана инфраструктуралар талкаланган жок, ошол эле учурда эки тарапта тең жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. Газанын түндүгүндөгү суу тазалоочу жайлардын талкаланышынан улам 250 миң адам ичүүчү суусуз калышты. Акыркы маалыматтар боюнча эскалация башталгандан бери Газа секторуна жасалган чабуулдарда 237…

Прочитайте больше
1 31 32 33 34 35 47