Ирандын руханий лидеринин Бүткүл дүйнөлүк “Аль-Кудс” күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

Ирандын руханий лидеринин Бүткүл дүйнөлүк “Аль-Кудс” күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

“Ырайымдуу Алланын аты менен! Ааламдардын Раббиси Аллахка чексиз мактоолор болсун! Азиретибиз Мухаммедге – пайгамбарлардын мөөрү жана жаратуулардын эң даңктуусу, эң таза үй-бүлөсүнө, тандап алынган сахабаларына жана аларды акыйкат иштери менен ээрчип келген адамдарга Кыямат күнгө чейин салам жолдойбуз!” Палестина – Ислам дүйнөсүнүн эң маанилүү маселеси Палестина маселеси Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жана тирүү, жалпынын маселеси бойдон калууда. Эзүүчү жана аёосуз капиталисттик системанын саясаты бүтүндөй бир элди өз үйүнөн, өз мекенинен жана ата-бабалары жашаган жерлерден ажыратып,…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакируулу: «Араб өлкөлөрүнүн биримдиги болбогондуктан, Палестина көйгөйүн чече албай келишет»

Турсунбай Бакируулу: «Араб өлкөлөрүнүн биримдиги болбогондуктан, Палестина көйгөйүн чече албай келишет»

“Кудс күнүнө” арналган тегерек столдо КРнын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, мурдагы Акыйкатчы жана элчи Турсунбай Бакир уулу араб мамлекеттеринин ынтымагы болбогондуктан, палестиналыктар эзилип жаткандыгына басым жасады. Турсунбай Бакир уулу өз сөзүн “Кудс күнүн” жарыялоо менен Иран Ислам Республикасынын жол башчысы Имам Хомейни өтө көрөгөчтүк кылгандыгын белгилөө менен баштады. “Кудс күнүн” жарыялоо өтө чоң мааниси бар идея болуп саналат. Ансыз биз Палестина менен палестиналыктардын көйгөйлөрүн унутуп калмакпыз. Азыр америкалыктар менен израилдиктер коронавирус пандемиясына байланыштуу “Кудс күнү” белгиленбейт деп айтып…

Прочитайте больше

Индияда коронавирустан өлүм көбөйүп, жаңы рекорд катталды

Индияда коронавирустан өлүм көбөйүп, жаңы рекорд катталды

Индияда коронавирус оорусун жуктургандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйүп, курман болгондордун саны боюнча дагы жаңы рекорд катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Буга чейин, Индияда вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча жаңы рекорд катталган. Акыркы бир сутка ичинде илдеттен каза болгондордун саны боюнча рекорд жаңыланып, курмандыктардын саны 4000ден ашты. Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө коронавирус боюнча жаны 401 078 учур катталып, жуктуруулардын жалпы саны 21,9 миллионго жетти. Ал эми илдеттен акыркы…

Прочитайте больше

Казакстан Кыргызстанга жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт

Казакстан Кыргызстанга жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт

Казакстан Республикасынын президенти Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали маалымдады. “Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, Президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткара баштады”, – деп жазды Берик Уали Фейсбук баракчасына.  Буга чейин, 1-майда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент…

Прочитайте больше

Эртең – Дүйнөлүк Кудс күнү

Эртең – Дүйнөлүк Кудс күнү

Мындан 42 жыл мурда Иран Ислам Республикасынын орнотуучусу имам Хомейни (а.р.б) аркылуу Ыйык Рамазан айыныны акыркы жума күнү Дүйнөлүк Кудс күнү катары белгиленүүсү бекитилген. Бул жылы ал күн 7-майга туш болууда. Дүйнөлүк Кудс күнүнө карата бүгүнтөн баштап Ирандын бардык шаарларында палестиналыктарга тилектештик катары Палестинанын байрактары илинди. Белгилей кетсек, Палестина жерлери 73 жылдан бери сионисттер режими аркылуу басып алынууда. Андан бери Палестина дүйнөдөгү адам укуктары бузулган өлкөнүн туу белгиси болду. Эч бир эл аралык коом, эч…

Прочитайте больше

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспорттуу жарандарын депортациялай баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиргенин 24.kg сайты жарыялады. Тургундардын айтымдарында, акыркы жумада тажик бийлиги паспорттук көзөмөлдү күчөттү. «Кимде Кыргызстандын жарандыгы болсо, текшерип, аларды шарт эле район борборуна алып кетишүүдө. Анан алар кыргыз жарандыгынан баш тартып, токтоосуз тажик жарандыгын алууну талап кыла башташты. Мындай талапка көнбөгөндөрдү Ош обулсунун Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” өткөрүү пункту аркылуу депортация кыла баштады. Алар буюмдарын алганга да жетишпей жатышат”,- дейт тургун. Анын кошумчалаганындай, Жерге-Тал…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду. Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Прочитайте больше

Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 20 миллионго жакындады

Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 20 миллионго жакындады

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Индияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 19 925 517 адамга жетти. Бул өлкөдө 12-күн катары менен күнүнө 300 миңден ашуун коронавирустун жаңы учурлары аныкталса, бир күн мурун өлкө дүйнөлүк рекорд коюп, күнүнө 400 миңден ашуун жаңы учурларды каттады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 24 саатта 368 147 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооруган адамдардын жалпы саны 19,9 миллиондон ашты, ал эми бир суткада каза болгондордун жалпы саны 3417ге көбөйүп,…

Прочитайте больше

«Ихлас» курулуш компаниясы чек арадагы кагылышууда турак-жайы күйгөндөргө 20 үйкуруп берет

«Ихлас» курулуш компаниясы чек арадагы кагылышууда турак-жайы күйгөндөргө 20 үйкуруп берет

“Каганат Инвест” (Ихлас компаниясы) холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп берет. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.Компаниядан маалымдашкандай, 1-май күнү холдингдин негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапарович жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, ушундай чечим кабыл алган. 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Акыркы…

Прочитайте больше

ИИМ: «Головнойдо» минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн

ИИМ: «Головнойдо» минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн

Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык киши каза болгонун билдирди. ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кагылышуу боюнча 11 кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Анын ичинде Лейлек районунда ок жеген он эки жаштагы Мадинанын өлүмү, Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык (саны такталууда) жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү, жолдо жүрүп бараткан унааларды аткылоо жана эл арасында көз…

Прочитайте больше

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен районунун Төрт-Көчө участогун кайра жаап алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда, саат 11:30дар чамасында тажик тарап жолго шагыл төктү. Алар өз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жеринде аскердик техникалары турганы да катталды. Чек ара кызматынын маалыматында учурда абал салыштырмалуу чыңалуу таризде турат. Ошол эле учурда коомдук сайттарда, Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да маалыматтар жарыяланды. Ал эми Тажик тарап расмий маалымат тарата…

Прочитайте больше

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы дүйнөлүк статистикага ылайык, Индияда кечээ кечинде 386 миңден ашуун адам коронавирусун жуктуруп, 3501 адам өмүрүнөн айрылды. “Дүйнөлүк” маалымат базасынын акыркы глобалдык статистикасына ылайык, бүгүн эртең мененкиге чейин (30-апрель) дүйнөдө 151 миллион 159 миң 892 адам коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.Алардын ичинен 3 млн. 179 миң 925 бейтап көз жумган. Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы бейтаптардын ичинен 128 млн. 571 миң 187 адам айыгып, бул ооруну жеңе алышты. Ал эми дүйнөдө эң көп ооруган Америка Кошмо Штаттарында…

Прочитайте больше

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  2021-жылдын 1-2-май күндөрү өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар  жана  жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди. Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл…

Прочитайте больше

Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады. Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады. Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган. Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин…

Прочитайте больше

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. “Манас” эл аралык аэропортунда гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине өлкөнүн Саламаттык сактоо жана…

Прочитайте больше
1 33 34 35 36 37 47