Орусияда коронавирустун бар-жогун 27 мүнөттө аныктай турган аппарат иштелип чыкты

Орусияда коронавирустун бар-жогун 27 мүнөттө аныктай турган аппарат иштелип чыкты

Орусиянын Федералдык медико-биологиялык агенттигинин (ФМБА) адистери адамдарда коронавирустун бар-жогун 27 мүнөттүн ичинде жогорку тактык менен аныктай ала турган аппарат ойлоп табышты. Бул тууралуу ФМБАнын трансляциялык медицина жана инновациялык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Дарья Крючко РИА Новостиге берген маегинде билдирди.Анын айтымында, аппарат ФМБАнын физика-химиялык медицина институтунун адистери тарабынан иштелип чыккан. Ал вирустун антигенинин бар экендигин аныктайт.“Диагностикалык система 27 мүнөттүн ичинде (үлгү алынган учурдан баштап жыйынтыкка чейин) жогорку тактык менен антигендин бар-жогун аныктайт”, – деди Крючко.Анын айтымында,…

Прочитайте больше

Лавров Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышуу шартын атады

Лавров Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышуу шартын атады

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышууга даяр экенин жарыялады. Белгилей кетсек, мындан мурда “Талибан” өкмөтү Орусия, Түркия, Кытай Иран, Пакистан жана Катардын өкүлдөрүн жаңы ооган өкмөтүнүн курамын жарыялоого арналган иш-чарага катышууга чакырган.ТАССтын билдирүүсүнө караганда, Орусия бул иш-чарага катышуу үчүн өз шартын жарыялаган.Тактап айтканда, тышкы иштер министри орус бийликтеринин “ооган коомунун бардык спектрин, анын ичинде талибдерди жана башка этникалык топторду чагылдырган” өкмөттү түзүүгө гана колдоо көрсөтүү ниетин жарыялады. Лавровдун айтымында, ушундай өкмөт гана…

Прочитайте больше

Ирандын президенти өзөктүк сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Ирандын президенти өзөктүк сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Иран дүйнөлүк державалар менен 2015-жылкы өзөктүк келишимди узартуу үчүн Батыштын “кысымы” астында эмес, сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин жарыялады. Иран президенти учурда Тегеран АКШнын санкцияларын алып салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.Рейтердин билдирүүсүндө, Франция менен Германия Иранды июндагы президенттик шайлоодон кийин өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтууга үндөшкөн.Иран өзөктүк программасы боюнча маалымат берип, ал тынчтык максатты көздөй тургандыгын   жана алар өз ишмердүүлүгү тууралуу көзөмөл органына маалымат бергенин айткан. Ошондой эле Кошмо Штаттары санкцияларды алып салса, Ирандын 2015-жылкы…

Прочитайте больше

Пакистан жарандарынын келүүсүнөн бюджетке канча каражат түштү?

Пакистан жарандарынын келүүсүнөн бюджетке канча каражат түштү?

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан жарандарынын Кыргызстанда болушунан бюджетке канча акча түшкөнүн айтып берди. Быйыл өлкөгө айрыкча пакистандык туристтердин агылып келишкенин баары байкагандай. Берилген маалыматтарга караштуу, жайында 7500дөй пакистандык жарандар келишкен.Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында ал туристтик электрондук виза берүү чет өлкөлүктөр үчүн 51 долларга бааланарын айтты.Бул тууралуу: “Январь айынан бери 10 миңге жакын виза берилди.” Кыргызаэронавигация “65 чартердик учакты тейлегени үчүн 200 миң доллар киреше тапты.”…

Прочитайте больше

Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күз айы – бакчаларда жемиштер бышып, бак-дарактардагы жалбырактар сары, кызгылт өңдөргө боелуп, күн нурунун илеби акырындык менен өтө ысык тийбей, салкындап калган мезгил. Жыл мезгилдеринин кайсы учуру болбосун, ыйман келтирген адам жашоонун кооз көз ирмемдери менен ырахаттанып гана койбостон, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга ой жүгүртүп, андан өзүнө сабак алууга аракеттенүүсү зарыл. Күз айы бизге кандай сабактарды бериши мүмкүн? 1- Күз – жыл жыйынтыгын чыгаруучу ай. Айыл-чарбасы менен алектенген адамдар күз алардын жаздан берки эмгегинин натыйжасы кандай болгондугун көрсөтө турчу…

Прочитайте больше

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп койгон менен эле ата-эненин жоопкерчилиги бүтпөйт. Ата-эненин эң биринчи милдети – коомго татыктуу тарбияланган инсанды кошуу. Бул макалада мыкты ата-эне болуу үчүн пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган керектүү насааттарды сунуштайбыз. • Ырайымдуу жана боорукер болгула Алланын элчиси ﷺ айтты:“Өзүнөн кичүүлөргө ырайым кылбаган жана улууну урматтабаган адам бизден эмес” (Тирмизи). • Эркелеткиле Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди:“Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам…

Прочитайте больше

«Талибан» Панжшерде толук көзөмөл орнотконун билдирди

«Талибан» Панжшерде толук көзөмөл орнотконун билдирди

“Талибан” кыймылынын жоочулары өлкөдөгү багына элек жалгыз аймак – Панжшерде  толук көзөмөл орнотту. Бул тууралуу кыймылдын расмий өкүлү Забихулла Муджахид билдиргенин Al Jazeera телеканалы маалымдады. Буга чейин талибтер Панжшердин губернаторунун кеңсесин басып алганы айтылган.  Ооганстандык “Asvaka” агенттиги талибтер Панжшердин губернаторунун имаратынын үстүнө желегин көтөргөнүн кабарлады. Кийинчерээк Улуттук каршылык көрсөтүү фронту Панжшер басылып алынганын четке кагып, капчыгайдын бардык тарабында “стратегиялык позицияларды” ээлеп турушканын жана талибтерге каршы күрөштү уланта турганын жарыялашты.  “Биз ооган элин талибтерге жана алардын өнөктөштөрүнө каршы…

Прочитайте больше

Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Ливиянын мурдагы диктаторунун уулу Аль-Саъеди Каддафи түрмөдөн бошотулганын өлкөнүн бийликтери жарыялашты. Белгилей кетсек, Аль-Саъеди 2011-жылы Араб жазы көтөрүлүшү учурунда бийликтен кулатылган диктатор Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу.Ал-Саъеди Каддафи абактан чыккандан көп өтпөй Стамбулга учуп келгени айтылууда.Кээ бир маалыматтарга ылайык, маалымат булактары Каддафинин уулу өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дабиба менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулганын ырасташкан. Сүйлөшүүгө Ливиянын мурдагы ички иштер министри Фатхи Башака да катышкан.Эске салсак, Саъеди Каддафи 2018-жылы Ливиянын Юстиция министрлиги тарабынан “киши өлтүрүү, алдамчылык, коркутуу, кулчулук жана мурдагы…

Прочитайте больше

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкөдө 25, 870 жаңы коронавирустук учур катталып, 610 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомчулук менен байланыш жана маалымат борбору мындай деп жарыялады: Кечээтен баштап, 2021-жылдын 5-сентябрына чейин жана акыркы диагностикалык критерийлердин негизинде, өлкөдө COVID-19 менен 25 870 жаңы бейтап аныкталып, алардын ичинен 3,430у ооруканага жаткырылган.Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 5 млн. 129 миң 407 адамга жетти.Акыркы 24 саатта коронавирус 610 бейтаптын өмүрүн алып, курмандыктардын…

Прочитайте больше

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусуна катышуу үчүн 5-сентябрда Казакстандын аскердик контингенти Кыргызстандагы 20636 аскер бөлүгүнө келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Ага Орусия баш болгон ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап…

Прочитайте больше

“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида” террордук уюмунун согушкерлери Панжшер провинциясын басып алууга аракет кылган талибдерге кошулушту. “Аль-Каида” менен “Талибан” согушкерлеринин бириккени тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди. Бул тууралуу Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү: “Аль-Каиданын” согушкерлери Панжшерге кол салуу үчүн талибдерге кошулду”,- деди.Эске салсак, өткөн аптада башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн майнапсыздыгынын натыйжасында талиптер Панжшердеги каршылыктарга каршы аскердик операция баштаган.Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү Фахим Дашти талиптер тынчтык жолу менен жөнгө салууга берилгендиктерин, бирок согуш баштоого да даяр экенин билдирген.

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти. Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат. Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр…

Прочитайте больше

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болгонун “Кабар” агенттиги жазды. Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады. Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды. Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51…

Прочитайте больше

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Буга чейин Ооганстандын  өкмөтүн талиптердин лидери Хайбатулла Ахунзад жетектээри айтылган. Бирок, кийинчерээк молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн экени кабарланган. Ошондой эле, жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлер белгилүү болду: молдо Мухаммад Якуб жана Шер Мухаммад Аббас.Бул маалыматты Рейтер агенттиги “Талибан” кыймылынын бир нече булактарына таянып кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин Барадар Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына талапкер экени айтылган.Учурда Коргоо министрлигинин башчысынын кызматын Американын Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закир ээлейт.Эске салсак, Ооганстан өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү процесси акыркы этабына кирди.

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Австралиянын Экономика жана Тынчтык Институту түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн тынчтыктын жылдык рейтингинде курал-жарак эң көп импорттогон өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланган. Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан курал-жарак импорттоо боюнча алдыга чыккан. Ошондой эле курал импортунун эң чоң өсүшү Арменияда, Түркмөнстанда жана Катарда катталган. Жалпысынан бул көрсөткүч изилдөөдө чагылдырылган 163 өлкөнүн 92синде жогорулап, орточо өсүш 4%ды түздү.Албетте, 2021 -жылы курал импорту боюнча көрсөткүчтөрдүн эң начарлашы бүткүл дүйнөдө байкалат.Жалпысынан Түркмөнстан 2154 упай топтоп, тынчтык рейтингинде 109 -орунду ээледи…

Прочитайте больше
1 77 78 79 80 81 133