УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

 10-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаары менен облусунда издөөдө жүргөн “Дженго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чараларын баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. “Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары менен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылган. Ошондой эле, тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган. Учурда, атайын кызмат анын турган…

Прочитайте больше

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого экс-муфтийдин катыштыгы бар экендигине далилдер алынды. Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМКнын тергөө камак…

Прочитайте больше

Орусия НАТОнун кийлигишүүсүнө нааразычылыгын билдирди

Орусия НАТОнун кийлигишүүсүнө нааразычылыгын билдирди

Орусиянын ТИМнин басма сөз катчысы НАТОнун өлкөнүн ички ишине ачыктан-ачык кийлигишип жатканын айыптады. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова “НАТО жана Европа Биримдиги Москванын ички ишине ачыктан-ачык кийлигишип, өлкөдөгү нааразычылык акцияларын уюштуруп жаткан кыймылдарды колдоп жатышат”, – деп билдирди.Ал бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Орусиянын иштерине чет өлкөлүк кийлигишүү фактыларын иликтөө боюнча комиссиясынын жыйынында сүйлөдү.“Өлкөбүздүн саясий жана экономикалык тармагын чектөө үчүн, ал гана эмес, илимий-өндүрүштүк комплексти жана жалпы эле өлкөбүздүн өнүгүшүн…

Прочитайте больше

Ооганстанда 2 миллиард долларлык аэропорт курулуп жатат

Ооганстанда 2 миллиард долларлык аэропорт курулуп жатат

Ооганстандын авиация башкармалыгы Кабулдун түштүк тарабында 2 миллиард долларга бааланган өлкөдөгү эң ири аэропорттун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу “IRNA” МА кабарлады. Ооганстандын улуттук телекөрсөтүүсү жаны аэропорт Логар провинциясындагы “Мухаммад Ага” шаарында 2035-жылга чейин ооган өкмөтүнүн эсебинен куруларын жарыялады. Өлкөнүн авиация башкармалыгынын жетекчиси жаңы аэропорт эл аралык аэропорттун бардык керектүү шарттары менен курула тургандыгын жана анын курамына жылына кеминде 10 миллион жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар эл аралык жүргүнчү терминалы кирерин билдирди. Учурда Ооганстандагы эң маанилүү…

Прочитайте больше

ДССУ коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жатканын билдирди

ДССУ коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жатканын билдирди

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрлөрү чыгышы күтүлүп жаткандыгын, анткени вирустар дайыма өзгөрүп турарын билдирген. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бүгүн, шаршемби күнү коронавирустун Түштүк Африкада (501Y.V2), Бразилияда жана Японияда (P.1) табылган түрлөрүнүн географиялык жактан жайылышы кеңейгенин жарыялады.Биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаны түрү (VOC-202012/01) өткөн жумада дагы алты мамлекетте табылып, жайылган өлкөлөдүн саны 86га жетти. Вирустун “501Y.V2” түрү 8-февралга чейин 44 өлкөдө табылган болсо, өткөн апта ичинде дагы 3…

Прочитайте больше

Иран Орусияга өзөктүк келишим боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирди

Иран Орусияга өзөктүк келишим боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирди

Иран Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүүсүнө үмүттөнөт. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Ирандын Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоп, анда ал Орусиянын тышкы иштер маселесинде адилеттүү позицияны кармангандыгына ыраазычылык билдирген.Белгилей кетсек, Руханий лидердин бул билдирүүсүн Москвага келген Ирандын Мажлисинин (бир палаталуу парламенттин) төрагасы Мухаммад Багер Калибаф Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге тапшырган.Бул кайрылууда, жогорку лидер Иран, Орусия Федерациясына жана Кытай Эл Республикасына өзөктүк келишимде адилеттүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирген.Ал эми Москвага иш сапары менен келген Мухаммад…

Прочитайте больше

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-февралда арызын жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, КМДБнын башкы бухгалтеринин кармалышы боюнча комментарий соттун чечиминен кийин берилет. Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтери кармалгандыгы маалымдалган. Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды. Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК…

Прочитайте больше

БУУ: 2020-жылы Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

БУУ: 2020-жылы Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

БУУнун жашыруун отчетунда Түндүк Корея эл аралык санкцияларга карабастан, акыркы бир жыл ичинде баллистикалык жана өзөктүк ракета программалары боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Бириккен Улуттар Уюму жашырууغ отчетунда Түндүк Кореяны кибер чабуулдар аркылуу 300 миллион доллар уурдады деп айыптап, “Пхеньян 2020-жылы бөлүнүүчү материалдарды өндүрүп, өзөктүк базаларын сактаган жана баллистикалык ракета инфраструктурасын модернизациялаган”, – деп жарыялаган.Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялар боюнча мониторингинин жылдык отчету АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкенден бир нече жума…

Прочитайте больше

Иран Орусияга карата нааразычылык нотасын жөнөттү

Иран Орусияга карата нааразычылык нотасын жөнөттү

Иран, Перс булуңунун аталышына байланыштуу Орусияга нааразычылык нотасын жөнөттү. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Иран Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүнүн биринде белгиленгендей, Перс булуңунун аталышын “Араб булуңу” деп атаган Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасы жөнөтүлдү.Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирди.Белгилей кетсек, дипломат муну Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттердеги баракчасынын араб тилиндеги нускасында жарыялангандыгына байланыштуу деп түшүндүрдү.Тактап айтканда, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богдановдун Ирактын элчиси Абдеррахман Хуссейни менен жолугушуусу жөнүндө посттордун биринде “Араб…

Прочитайте больше

Аятолла саид Али Хаменеи: Эгерде Америка Кошмо Штаттары бардык санкцияларды алып салса, анда биз өз милдеттенмелерибизге кайтып келебиз

Аятолла саид Али Хаменеи: Эгерде Америка Кошмо Штаттары бардык санкцияларды алып салса, анда биз өз милдеттенмелерибизге кайтып келебиз

Иран Ислам Ынкылабынын лидери армиянын аба күчтөрүнүн командирлери менен жолугушуп, сөз сүйлөдү. Mehr News агенттигинин билдиргенине караганда, Ислам Ынкылабынын лидери Ирандын өз милдеттенмелерине кайтып келиши үчүн шартын баяндады. “Ирандын өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши үчүн шарты бар; АКШ бардык санкцияларды сөз жүзүндө же кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө алып салганда гана Иран да өз милдеттенмелерине кайтып келет”,- деп билдирди Аятолла Хаменеи.“Америкалыктар жана европалыктар эч нерсени талап кылууга укугу жок, анткени алар өз милдеттенмелерин жана убадаларын бузушкан. Ал эми бул…

Прочитайте больше

Байден: АКШ Иранга каршы санкцияларды албайт

Байден: АКШ Иранга каршы санкцияларды албайт

АКШ президенти өз өлкөсү Иран биргелешкен комплекстүү иш-чаралар планы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтып келиши үчүн бул өлкөгө каршы киргизилген санкцияларды алып салбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Жо Байден CBS телеканалына берген маегинде: “АКШ Иранды өзөктүк программасы боюнча ар тараптуу биргелешкен комплекстүү иш-чаралар планынын сүйлөшүү столуна кайтаруу үчүн санкцияларды жокко чыгарбайт”, – деди.Ал “АКШ Тегеранды кайрадан өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө алып келүү үчүн биринчи кадамды жасап, Иранга каршы санкцияларды алып салабы?” деген суроого “Жок”, – деп жооп…

Прочитайте больше

Организмдеги Омега-3 жетишсиздигинин беш кооптуу белгиси

Организмдеги Омега-3 жетишсиздигинин беш кооптуу белгиси

Депрессия, теринин кургашы, кургак көз, муундардын оорушу жана чачтын түшүшү организмде омега-3 май кислоталарынын жетишсиздигинин кооптуу белгилери. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Америкалык дарыгерлер организмдин иммундук, жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик системаларын сактап калуу үчүн өтө маанилүү болгон омега-3 каныкпаган май кислотасынын организмде жетишсиздигинин кооптуу беш белгиси жөнүндө макала жазышты.Биринчи белги: Теринин кыжырдануусу жана кургашыАдистердин айтымында, эгер организмде омега-3 жетишпесе, анда ал теринин абалына таасирин тийгизет. Мисалы, тери сезимтал, кургак болушу мүмкүн же безетки чыгышы мүмкүн. Омега-3…

Прочитайте больше

Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны нөлгө түштү

Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны нөлгө түштү

Кытайда жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түштү.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтүнүн статистикасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түшкөн.Мындай көрсөткүч Кытайдын эпидемиянын алдын алуу боюнча мыкты жетекчилигин көрсөтүп турат. Билдирүүгө ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Кытайда коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 14тү түздү, бирок алардын бардыгы сырттан келгендер болушкан. Кытай коронавируска биринчи кезекте туш болгон өлкөлөрдүн бири болсо да, аны…

Прочитайте больше

Калибаф Москвага келди

Калибаф Москвага келди

Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын төрагасы Москвага келди. Tasnim News агенттигинин Москвадагы экспедициясынын кабарчысынын айтымында, Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын төрагасы Мухаммад Бакер Калибафты Москвада Орусиянын Дума Парламентинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Слуцкий тосуп алган.Белгилей кетсек, Калибаф Орусиянын Думасынын Төрагасы Вячеслав Володиндин чакыруусу менен расмий иш сапары менен Москвага келген. Иран-Орусия мамилелерин стратегиялык деңгээлге көтөрүү бул сапардын маанилүү максаттарынын бири болуп саналат жана ошондой  эле Калибаф, Ирандын Жогорку Лидеринин маанилүү билдирүүсүн Орусиянын Президенти Путинге, анын атайын чабарманына жеткирүү пландаштырылган. Бул сапарда Ирандын…

Прочитайте больше

Иран өзөктүк келишимде өз шартын коюуга толук укуктуу

Иран өзөктүк келишимде өз шартын коюуга толук укуктуу

Иран Ислам Ынкылабынын лидери: “Эгерде бардык санкцияларды иш жүзүндө алып салышса, биз өзөктүк келишимдин милдеттенмелерине кайтып келебиз. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык милдеттенмелерин бузган АКШ жана Европанын үч өлкөсү, учурда эч кандай шарт коюуга укугу жок. Алар, алган милдеттенмелеринин бирин да аткарышкан жок. Бул Ислам Республикасынын анык саясаты жана өлкөнүн расмий адамдарынын макулдугу жана биз бул саясаттан артка кайтпайбыз.

Прочитайте больше
1 181 182 183 184 185 189