Иран Орусияга өзөктүк келишим боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирди

Иран Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүүсүнө үмүттөнөт.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Ирандын Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоп, анда ал Орусиянын тышкы иштер маселесинде адилеттүү позицияны кармангандыгына ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Руханий лидердин бул билдирүүсүн Москвага келген Ирандын Мажлисинин (бир палаталуу парламенттин) төрагасы Мухаммад Багер Калибаф Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге тапшырган.
Бул кайрылууда, жогорку лидер Иран, Орусия Федерациясына жана Кытай Эл Республикасына өзөктүк келишимде адилеттүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирген.
Ал эми Москвага иш сапары менен келген Мухаммад Бакер Калибаф мындай деди: Өзөктүк келишимдин темасы Иран менен Орусиянын ортосундагы мамилелердеги негизги маселелердин бири, бирок Тегеран менен Москванын кызматташтыгы стратегиялык мүнөзгө ээ болушу керек.
“Биз бири-бирибизге жакын болуп, бардык чөйрөлөрдө кызматташышыбыз керек; экологиялык, социологиялык, маданият маселелерде жана элибиздин карым-катнаштарынан саясатка, коргонуу жана коопсуздук маселелерге чейин кызматташсак болот”, – деп кошумчалады Иран парламентинин төрагасы.

Комментарий жиберүү