Ооганстанда 2 миллиард долларлык аэропорт курулуп жатат

Ооганстандын авиация башкармалыгы Кабулдун түштүк тарабында 2 миллиард долларга бааланган өлкөдөгү эң ири аэропорттун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктаганын жарыялады.

Бул тууралуу “IRNA” МА кабарлады. Ооганстандын улуттук телекөрсөтүүсү жаны аэропорт Логар провинциясындагы “Мухаммад Ага” шаарында 2035-жылга чейин ооган өкмөтүнүн эсебинен куруларын жарыялады. Өлкөнүн авиация башкармалыгынын жетекчиси жаңы аэропорт эл аралык аэропорттун бардык керектүү шарттары менен курула тургандыгын жана анын курамына жылына кеминде 10 миллион жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар эл аралык жүргүнчү терминалы кирерин билдирди.

Учурда Ооганстандагы эң маанилүү аэропорт – Кабул аэропорту, Ооганстандын авиация башкармалыгынын жетекчисинин айтымында, бул аэропорт шаардын ичинде болгондуктан, аны өркүндөтүү мүмкүн эмес. Ал ошондой эле Кабул, Герат, Мазари-Шариф жана Кандагар провинцияларындагы аэропорттор калыбына келтирилерин кошумчалады.

Комментарий жиберүү