БУУ: 2020-жылы Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

БУУнун жашыруун отчетунда Түндүк Корея эл аралык санкцияларга карабастан, акыркы бир жыл ичинде баллистикалык жана өзөктүк ракета программалары боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу “Reuters” агенттиги билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.
Бириккен Улуттар Уюму жашырууغ отчетунда Түндүк Кореяны кибер чабуулдар аркылуу 300 миллион доллар уурдады деп айыптап, “Пхеньян 2020-жылы бөлүнүүчү материалдарды өндүрүп, өзөктүк базаларын сактаган жана баллистикалык ракета инфраструктурасын модернизациялаган”, – деп жарыялаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялар боюнча мониторингинин жылдык отчету АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкенден бир нече жума өткөндөн кийин Коопсуздук Кеңешиндеги Түндүк Кореянын Санкциялар комитетине берилген.
Американын Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы кечээ, дүйшөмбү күнү АКШнын жаңы администрациясы Түндүк Кореяга карата жаңыча мамиле жасоону көздөп жатканын, анын ичинде “кысым көрсөтүүнүн жолдорун жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүнү” караштырарын билдирген.
БУУнун отчетунда 2020-жылы Түндүк Кореянын армиясы параддарда ар кандай жакынкы жана орто аралыкка учуучу ракеталарды жана континенттер аралык баллистикалык ракеталарды көрсөткөнүн баса белгилеген.
“Reuters” агенттиги бул отчетту атын атабаган БУУга мүчө мамлекетке шилтеме берүү менен жарыялады. Анда Түндүк Кореянын ракеталарынын көлөмүн эске алганда, өзөктүк шаймандар ракеталардын жакынкы, орто жана алыскы түрлөрүнө орнотулат деп божомолдоого болору жазылган.
Байден баштаган АКШнын жаңы администрациясы Түндүк Кореяга каршы катуураак позицияны карманууга убада берди.
Жо байден шайлоо алдындагы дебатта АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты Түндүк Кореянын лидери сыяктуу “бейбаштарды” “жакшы дос” деп атаганы үчүн айыптаган жана эгер Ким Чен Ын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнөн баш тартууга макул болсо, анда ал аны менен жолугушарын билдирген.
Трамп президент болуп турганда Ким менен үч жолу жолуккан, бирок алардын бири дагы жемиштүү болгон эмес.
Түндүк Корея Пхеньян өкмөтү өзөктүк куралсызданууга эч качан макул болбой тургандыгын, анткени ал өлкөнү сактап калуу үчүн зарыл деп эсептээрин билдирип келет.

Комментарий жиберүү