УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

 10-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаары менен облусунда издөөдө жүргөн “Дженго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чараларын баштады.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары менен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылган. Ошондой эле, тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган. Учурда, атайын кызмат анын турган жерин аныктап, кармоо боюнча “Перехват” планы жарыяланды”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланган. Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.

Комментарий жиберүү