ДССУ коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жатканын билдирди

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрлөрү чыгышы күтүлүп жаткандыгын, анткени вирустар дайыма өзгөрүп турарын билдирген.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бүгүн, шаршемби күнү коронавирустун Түштүк Африкада (501Y.V2), Бразилияда жана Японияда (P.1) табылган түрлөрүнүн географиялык жактан жайылышы кеңейгенин жарыялады.
Биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаны түрү (VOC-202012/01) өткөн жумада дагы алты мамлекетте табылып, жайылган өлкөлөдүн саны 86га жетти. Вирустун “501Y.V2” түрү 8-февралга чейин 44 өлкөдө табылган болсо, өткөн апта ичинде дагы 3 мамлекетте бар экени аныкталган. Ал эми “P.1” беш күндүн ичинде беш жаңы өлкөгө жайылып, азыр он беш өлкөдө бар.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму январь айында жарыялаган билдирүүлөрүнүн биринде вирустар тынымсыз өзгөрүп тургандыктан, коронавирустун жаңы түрлөрүнүн чыгышы күтүлүп жаткандыгын билдирген.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети 14-январда өткөргөн жыйынында коронавирустун мутант козгогучтарынын геномдук ырааттуулугу боюнча илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүгө жана ошондой эле башка өлкөлөр менен маалымат алмашууга чакырык таштаган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирустун VOC-202012/01 түрү Улуу Британияда өткөн жылдын сентябрь айында пайда болгон.
Түштүк Африкада 501Y.V2 түрү август айынын башынан бери, ал эми Бразилия менен Японияда декабрь айынан бери P.1 түрү жайылууда.

Комментарий жиберүү