Иран Орусияга карата нааразычылык нотасын жөнөттү

Иран, Перс булуңунун аталышына байланыштуу Орусияга нааразычылык нотасын жөнөттү.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Иран Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүнүн биринде белгиленгендей, Перс булуңунун аталышын “Араб булуңу” деп атаган Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасы жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат муну Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттердеги баракчасынын араб тилиндеги нускасында жарыялангандыгына байланыштуу деп түшүндүрдү.
Тактап айтканда, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богдановдун Ирактын элчиси Абдеррахман Хуссейни менен жолугушуусу жөнүндө посттордун биринде “Араб булуңу” жөнүндө сөз болгон.
 Эске салсак,  Иран “Перс булуңу” деген гана терминди колдонот жана “Араб булуңу” же жөн эле “Булуң” деген аталыштарын тааныбайт.

Комментарий жиберүү