Fox News: Кытай бир чечим менен АКШнын куралсыз калтыра алат

Эгерде Кытай АКШга сейрек кездешүүчү минералдарды берүүнү токтотуу чечимин кабыл алса, америкалык аскерлер куралсыз калат.

Бул тууралуу РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды.

Телеканалдын маалыматына караганда, Пекиндин сейрек казылуучу материалдарга болгон монополиясы АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Кытай жөн гана Пентагон үчүн электрондук жабдуулардын көбүн, анын ичинде F-35 согуштук учактарын жасоодо колдонулган сейрек кездешүүчү минералдарды АКШга жеткирүүнү токтотуп койсо, Американын армиясы чоң көйгөйгө туш болот.

“Бул ресурссуз учактар учпай калат, танктар токтойт жана аскерлерде байланыш тармагында көйгөйлөр жаралышы мүмкүн”, – деп жазылат маалыматта.

Макаладагы маалыматка ылайык, Кытай дүйнө мамлекеттеринин аталган минералдарга болгон муктаждыгынын дээрлик 90 пайызын камсыздайт. Ал эми АКШда экологиялык мыйзамдын катаалдыгынан улам аларды өндүрүү кыйла чектелген.

Ал эми АКШнын сенатору Том Коттондун билдирүүсүнө караганда, Пентагондун сейрек кездешүүчү минералдар боюнча запасы болгону бир жылга гана жетет.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эл аралык тартипте Вашингтон Пекинди дүйнөгө “эң олуттуу узак мөөнөттүү чакырык” таштачу өлкө катары карай турганын билдирген. Муну менен бирге АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын, ошол эле учурда баштапкы макамынын бир тараптуу өзгөрүшүнө каршы чыгарын билдирди.

Ошондуктан АКШ Тайванга коргонуу потенциалын өз деңгээлинде кармап турууга дайым көмөктөшөрүн баса белгилеген.

Комментарий жиберүү