NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA коркунучтуу астероид “4660 Nereus” 11-декабрда Жерге жакындай турганын билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

“4660 Nereus” потенциалдуу кооптуу астероид болуп эсептелет. Анын диаметри 330 метрди түзөт.

Маалыматка караганда, 1982-жылы ачылган астероид Жерге 4 миллион чакырымга чейин жакындайт.

NASA уюму бул астероидди Жер үчүн кооптуу объект болуп саналарын эскертти. Ал 664 күндө Күндү толугу менен айланат. Формасы жумурткага окшош.

Буга чейин, астероидди космостук миссиянын бутасы катары колдонуу бир нече жолу сунушталган.

Комментарий жиберүү