NASA Марс планетасындагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издейт

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) бир жыл бою Марс планетасында жашап жаткандай обочолонууга даяр ыктыярчыларды издеп жатат.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган агенттик адам баласын Марска жиберүү максатында эксперимент өткөрмөкчү. 

Ыктыярчылар бир жыл бою обочолонуп жашашат жана алар үчүн космостук сейилдөөлөрдү жана жабдуулардын иштебей калышына окшоштурулган атайын программалар даярдалган.

160 чарчы метрлик аянт төрт бөлмөгө бөлүнүп, жанында медициналык станция дагы болот. Бирок, аларга тышкы дүйнө менен байланышта чектөө коюлат жана ресурстары, тамак-ашы да чектелүү болот. Алар даяр космостук тамактарды гана жешет жана өздөрү жашылча-жемиш өстүрүшөт.

Ыктыярчылар илим, инженерия же математика боюнча магистр даражасына жана учкуч катары тажрыйбасына ээ болушу керек.
NASA бул сыноону 2022-жылдын күз мезгилинде баштай турганын билдирди.

Комментарий жиберүү