Американын желеги өрттөлдү

Ак Үйдө АКШнын жаңы президентинин инаугурациясынан көп өтпөй, нааразылар Колорадо штатынын Капитолийинин алдында АКШнын желегин өрттөштү.

Pars Today агенттигинин Франс Пресске шилтеме берип маалымдосуна ылайык, нааразылар полиция кызматкерлери Конгресстин имаратына алып баруучу көчөнүн кесилишин тосконуна карабастан,  Колорадо штатынын Денвер шаарындагы Конгресстин имаратынын алдына митингге чыгышты.
Белгилей кетсек, дагы бир куралдуу топ инаугурацияга нааразычылык билдирүү үчүн митингге топтолушкан.
Демонстранттардын бири Американын желегинин өрттөлүшүн америкалык коомдогу расалык басмырлоого жана адилетсиздикке байланыштырды.
Эске салсак, АКШ президенти Жо Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин сүйлөгөн сөзүндө, системалуу расизмди жок кылууга убада берди.
Ошол эле учурда, Америка Кошмо Штаттары: “бардык адамдар бирдей жаратылат” деген принципти буга чейин эч качан аткарган эмес жана анын баш ийбестиги мурдагыдай күчтүү бойдон калууда.
Ал эми Байден, Америкадагы коомдогу ачуу чындыкты ачып, дүйнөдөгү адам укуктарынын алдыңкы катарындамын деп эсептеген АКШдагы кара терилүүлөргө болгон адамгерчиликсиздикти жана системалуу расизмди моюнга алат.
Ал эми чындыгында, кара терилүүлөргө карата расалык, билим берүү, кесиптик жана социалдык басмырлоо, ошондой эле  караларга зомбулук көнүмүш адатка айланды.

Комментарий жиберүү