Бишкекте «Кудс күнүнө» карата тегерек стол өтүүдө

Бүгүн, 7-май Бишкектеги “Eurasia Today” маалымат агенттигинин кеңсесинде “Кудс күнү” темасында тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Касеми, Иран элчисинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Жавад Таги Рустамион, саясат таануучу Уран Усенов жана онлайн форматта дин аалымы Кадыр Маликов катышууда.

Иш-чаранын максаты – Палестина элинин укуктарын коргоо, аларга тилектештик билдирүү жана Кудс маселесин дагы бир жолу көтөрүп, эл аралык коомчулукка жеткирүү. Тегерек столдо Палестина элинин көйгөйү көтөрүлүп, катышуучулар өз докладдарын окуп жатышат.

42-жылдан бери жыл сайын мусулмандардын Ыйык Рамазан  айынын акыркы жума күнүндө “Аль-Кудс” күнү белгиленет. Бул жылы ал күн 7-майга туш болду.

Бул күн 1979-жылы Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейнинин демилгеси менен Палестина элине тилектештиктин белгиси катары жана алардын укуктары үчүн күрөштү колдоо максатында бекитилген.

Жыл сайын Палестинанын кайгысына кайдыгер карабаган эл аралык коомчулук Рамазан айынын акыркы жума күнүндө бул күнгө карата ар кандай иш чараларды өткөрүшөт.

Кудс күнү дүйнө жүзү боюнча мусулмандар бир нече жылдардан бери Израилдин сионисттик режиминин эзүүсүнө туш болуп, жерлери тартылып алынып, укуктары тепселген боордош жана диндеш Палестина элине тилектештик сезимин билдиришип, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүшөт.

Иш-чара “Eurasia Today” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулду.

Комментарий жиберүү