Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы Катар Эмиринин Тажикстанга сапарын күтүп жатат

Дүйшөмбүдө жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири борбордук мечит Катардын 70% катышуусу менен курулган.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Дин иштери жана мааракелер боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөмбү шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы Катар Эмиринин сапарына байланыштуу болорун жарыялады.

Белгилей кетсек, Сулейман Долатзаде Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани ушул мечиттин курулушунун башкы инвестору катары бул диний борбордун ачылыш аземине катышуусу керектигин айтып, бирок учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу анын Тажикстанга келиши мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Дүйшөмбү шаарынын борбордук мечитинин ачылышынын кечеңдеши техникалык көйгөйлөргө байланыштуу деген сөздөр тараган, бирок Тажикстандын Дин иштери жана майрамдык иш-чаралар боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы бул имиштерди четке кагып, “Жаңы мечит намазга толугу менен даяр, алар жөн гана Катар Эмиринин келишин күтүп жатат”,- деп билдирди.
Дүйшөмбүнүн борбордук мечити мындан үч жыл мурун өз эшигин намаз окугандарга ачышы керек болчу. Мечиттин курулушу 2011-жылдын октябрь айында башталган. 100 миң намаз окуучуга эсептелген 12 гектар аянттагы бул мечиттин курулушунун баасы 100 миллион долларга бааланып, анын 30 миллион долларын тажик өкмөтү, калганын Катар өкмөтү бөлүп берген.
Дүйшөмбү шаарынын Борбордук Чоң мечити – Тажикстандын эң сонун архитектуралык эстеликтеринин бири катары өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилинде курулган ири диний жайы.

Комментарий жиберүү