ДССУ: Дүйнөдө COVID-19дун жаңы учурлары азайды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору бешинчи жума катары менен дүйнөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары азайып баратканын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “Өткөн жумада октябрь айынан бери бир жуманын ичинде оору жуктуруу эң аз катталды”, – деди Тедрос Адханом Гебрейесус. Анын айтымында, беш жуманын ичинде вирус жуктуруунун жаңы учурлары дээрлик эки эсеге азайган. Февраль айынын башында Гебрейесус жаңы учурлардын санын кыскартуу мутацияны эске алып, пандемиянын жайылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет деп айткан.

Буга чейин ДССУнун эксперти Мария ван Керкховен коронавирустун жайылышынын азайгандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда, ал вирустун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык чараларды сактоону улантуу керек деп айткан.

Комментарий жиберүү